• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аламүдүн районунда чыккан чоң өрт чектөөгө алынды

27 Аяк оона 2021 8:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Орок айылынын жогору тарабында өрт чыкканы тууралуу маалымат 26-сентярда келген. Жергиликтүү тургундардын айтымында талаадагы куураган чөп күйүп кеткен.

ӨКМдин Бишкектеги Башкармалыгынын маалыматы боюнча өрт саат 23:14тө Чүй облусу, Аламүдүн районунда катталган.

«Алдын ала маалымат боюнча, Байгелди айылында тоонун боорунда куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 23:14тө Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан АКУ менен 7 куткаруучу тартылган. Саат 02:30да ӨКМден жалпы 34 куткаруучу тартылган. Саат 07:10до өрт чектөөгө алынууда. Кесепеттин келип чыгуу себептери такталууда», деп айтылат маалыматта.

Маалыматта, Байтик айыл аймагынын Байгелди жана Арчалы айылындагы тоо боору куйуп жатат. Болжолдуу аянты 100 га. Шамалдын багыты ар кандай болгондуктан өрт үч тарапка каптап жатат. Үйлөргө жана башка чарбаларга коркунуч жок.

https://www.facebook.com/watch/govoriTV/
Количество просмотров: 178