Бишкек. 05.02.2018.Govori.TV.
Бүгүн таңга маал Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 5-февралда таңкы саат 05.03дө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоосунда, Сары-Могол айылынан 22 чакырым түштүк-чыгышка, Бар-Дөбө айылынан 30 чакырым түштүк-батышка, Талды-Суу айылынан 24 чакырым түштүккө, Ачык-Суу айылынан 38 чакырым чыгышка, Нура айылынан 83 чакырым түштүк-батышка, Ош шаарынан 112 чакырым түштүк-чыгышка карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Алай районунун Бар-Дөбө, Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.