• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алмазбек Атамбаевдин съездден кийинки айткандарына ой-толгоо

31 Жалган куран 2018 21:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.03.2018.Govori.TV.
Аптанын аягы коомчулуктун көптөн-көп күткөн КСДПнын съезди жана эң башкысы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттердин алдына чыгуусу менен “көрктөндүрүлдү”.

фото МИА Спутник

Бул курултайга болгон кызыгууну жасалма жол менен арттырууга Атамбаевдин башкы идеологу Фарид Ниязовдун салымы чоң. Ал бир ай калганда эле улам бир маалыматты өзү контролдогон Акипресс маалымат агенттиги аркылуу чыгарып (ошол эле Сооронбай Жээнбеков менен болгон Атамбаевдин жолугушуусу тууралуу маалымат), журналисттерди жана коомчулукту дүрбөттү. Ошону менен баары 31-мартты чыдамсыздык менен күтүп калышты.
Той да болот – тойдун эртеси да болот дегендей, партиянын курултайы бир топ ызы-чуулар менен коштолду. Айрым делегаттар азыркы болуп жаткан башаламандыкка каршылык билдирип, жыйындан чыгып кетишти. Чакырылган ЖК депутаттары журналисттерден качып, бир да суроого жооп бербей, көздөн кайым болушту.

 

Ал арада курултай өтүүчү “Орион” мейманканасынын тегереги курчалып, Атамбаевдин 4-5 жансакчы менен келгени, аны мамлекеттик күзөттүн азыркы жетекчиси коштоп жүргөнү – Атамбаев дале бийлик менен “ооруп” жүргөнүнөн кабар берди.
Атамбаев “Мамлекет башчысы” болуу адатын калтырбаптыр. Айланасына мурдагы пресс-кызмат жетекчисин, протокол жетекчисин, аппарат башчысын чогултуп алганы далил.

12де башталат деген пресс-конференция жарым сааттай кечигип башталды. Башкы идеологу Фарид шефин даярдап жатты окшойт. Журналисттер менен жолугушуу ошол эле Атамбаев президент болуп тургандагы форматта болду. Баягы эле беттер – Алмаз Үсөнов алып баруучу, Ниязов коштоочу. Дүжур журналист Канат Каниметов, адаттагыдай эң биринчи чыга калып, мурда даярдалган суроону берди, Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилелер жөнүндө. Баягы эле дүжүр эксперттер Бакетаев, Какчекеевдер акылдуусунуп дүжүр сөздөрүн сүйлөштү. Кандайдыр бир жаңылык, сенсация кылабыз деген дүжүрлөрдүн тилеги ошентип көнүмүш формат менен таш капты.

 

Атамбаев болсо суроолорго жооп берип жатып, бул спектаклдин артында болгону өзүн “кожоюн” көрсөтүү, Сооронбай Жээнбековду кагаз карабаган, колуна эмнени карматып койсо түшүнбөй окуй берген бир байкуш катары эл алдында кемсинтүү аракети айдан ачык көрүнүп калды.
“Экөөбүз төрт саат сүйлөштүк, мен өз кеңешимди бердим, билбей калыптырмын, көзөмөлдөбөй калыптырмын деди” деп Атамбаев журналисттерге айтканы менен, өздүк булактарыбыздын билдиришинче, экөө 4,5 саат катуу талашып-тартышып, айтышкан. Жээнбеков өзүнүн чындыгын далилдеп, Атамбаевдин айткандарына моюн берген эмес. Акырында Атамбаев “мурдагыдай эле мойнуңа албайсың” деп айла жоктон кол көтөргөн.
Мен “Сокеге таза иште” деп кеңеш берем деп кайра-кайра айтты. Ушул жерден суроо туулат, ТЭЦ, Дача-Су, Датка-Кемин ж.б. ири долбоорлорго байланыштуу күдүк кепке чырмалган Атамбаев тазабы, же артында калбыры жок Жээнбеков тазабы? Ким кимге кеңеш бериш керек ошондо таза бол деп?
Кайдагы кеңеш? Соке досу кеңешпей туруп Региондорду өнүктүрүү жылын жарыялаганы, кеңешпей туруп Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөздөрүнө, таңууланган адис Фарид менен кеңешпей иш кылганына арданып, таарынып жатканы ачык көрүндү.
“Мен бир дагы кадрга кийлигишкен эмесмин, кийлигишпейм да” деп айткан Атамбаев дароо өзүнүн сөздөрүн жокко чыгарып, Сапар Исаков, Улан Исраиловду жана башкаларды коргоп атканын кандай түшүнөбүз? Коопсуздук кеңешке “кайдагы бир лейтенант, сержанттарды алып келди” деп аябай чычалаганын кайда катабыз? “Мен бул системада бир да күн иштебеген “головостиктерди” алып келгем деп өзүнүн оозунан чыкты. Күнөстүү жерде өскөн “головостиктеринин” бири Алмазбек Курманалиев Жээнбековдун жумушка ылайык реалдуу катуу талаптарына чыдабай качып жоголгону калппы?

Ал эми улам бир катаны кетирген Сапар Исаковду коргоп атканына таң калбай деле коелу. Экөөнүн чогуу жасаган иштери көп. “Сапар жаштыгы менен жаңылыштык кетирип атат, Коопсуз шаар боюнча ойлонбой иш кылып койгон, бирок мына, апрелде ишке аша баштайт, 10 жылдан бери жылбай турган долбоорду Сапар жылдырды”, деп Атамбаев Коопсуз шаардын чырмалышкан сот ишин Сооронбай Жээнбеков чечип кеткенин унутта калтыргандай…
Анан дагы ТЭЦтеги коррупциянын учугун Жээнбековго оодара койгон Атамбаевдин бул кадамы чындыгында эле эркекче болбой калды. Башынан аягына чейин бул долбоорду өзү көзөмөлдөгөн Атамбаевдин мындай аракети эмнеден кабар берип турат? Таптакыр эле иши начар экен, Жээнбековго күнөөнү оодарып атса деп калдык.
2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун дагы айтып жатып, андан кайсы бир пункттар түшүп калыптыр дейт. Ошол үчүн бул долбоор да. Кошумча, алымча болушу керек. Чийки бойдон Жээнбековго “бүтүр” деп таштап кеткен долбоорду эми Жээнбеков бүтүрүп атат.
“Мен алты жыл таза иштедим, Соке досум 6 ай иштей элек жатып, коррупционерлерди чогултуп атат” дейт айланасына. Ал айланасындагы коррупционерлер ким болду экен?

Өкмөттүн имаратынан Ак үйдүн имаратына кошо келген жардамчысы Эрнис Толтоев менен кеңешчиси Муратбек Шайымкуловбу? Же Атамбаевдин кишиси — азыркы Президенттик Аппараттын башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевби? Же Фарид Ниязовдун кадры, Атамбаевдин басма сөз кызматында иштеп келген Толгонай Стамалиевабы? Коомчулук отставкасын күтүп жаткан, сот системасына кийлигишет деген жаман аты бар Манас Арабаевден тарта Аппаратта баардыгы өз ордуларында. Демек, Атамбаевден мурас катары ишенип таштап кеткен  кадрлардын баары коррупционер экен да?
Мамлекеттик резиденциядагы жаңы үй – мамлекет үчүн деди. Жубайы, баласы үчөөнө Кой-Таштагы, Бишкектеги, резиденциядагы даяр үйлөрү аз болуп атабы?
Ошол эле маалымат жыйынында Атамбаев эмне себептен Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимов съездге чакырылбады деген суроого тайсалдап, оң жооп бере алган жок.
Сооронбай Жээнбеков туугандарын көкөлөтүп жатат деди. Атамбаев Жээнбековдордун Оштогу КСДПны бекемдеген эмгеги үчүн өзү бирин депутат, спикер, экинчисин элчи кылып дайындаган. Асылбекти парламенттен жоготуу аракеттери болгону Сооронбай Жээнбековду парламентте алсыратуу экени жаш балага деле маалым.
Съездде башынан аягына чейин Асылбекти шыбаган Атамбаев журналисттердин алдында аны ачык айта алган жок. “Асылбек Жээнбеков менин колдоомдун үзүрүн жакшы эле көрдү” деген Атамбаев өзү Жээнбековдордун үзүрүн көрүп келгенин унутуп калгандай. Акыйкаттык үчүн түштүк жергесиндеги добуштарсыз, партия алыска бара алат беле? Ушул суроого жооп берип койсо болмок.
Сөз эркиндигин сот аркылуу муунтуу менен өзгөчөлөнгөн Атамбаев эмнегедир сөз эркиндигинин катуу коргоочусу катары түсүн өзгөртүп, мунун себебин партиясынан 4 журналист депутат болуп отурганы менен түшүндүрдү. Анын түшүнүгүндө сөз эркиндиги парламенттеги депутаттар менен ченелет экен. Мунусу менен ал маалымат агенттиктен сот аркылуу өндүрүлгөн акчалай доону кечирген Жээнбековдун фонунда образын жакшыртуу аракети деп түшүнөлү.
Мындан тышкары, Атамбаев дагы, анын айланасы дагы Раим миллион атка конгон мурдагы бажычы Раимбек Матраимовду айтып бүтпөй келет. Раимге колдоону Атамбаевдин шопуру Икрамжан Илмиянов катуу көргөзүп, Оштон Бишкекке которуп, алып келген. Ал кезде Оштун губернаторунун, тактап айтканда Жээнбековдун бажы тармагына кыпындай да таасири болбогондугун эл билет. Демек, Раимдин “Раим миллион” болушуна Атамбаевдин өзү түздөн түз таасир тийгизген.
Кыскасы, айта берсек, сөз көп. 31-марттагы жүрүшү менен Атамбаев Соке досу менен эл алдында ачык “ажырашты”. Сооронбай Жээнбеков достуктун чынжырынан бошонду. Эми эки жакка кылчактабай, элине кызмат кыла турган Президент болот деп күтсөк болот.
Количество просмотров: 28