Бишкек.17.01.2018. Govori.TV
Нурсултан Назарбаевдин Кошмо Штаттардагы иш сапарында ишкер чөйрө менен жолугушуу болуп, анда инвестициялык жана соода-экономикалык 20 келишимге кол коюлду. Анын жалпы суммасы 7 млрд. долларга жакын экенин казак президентинин расмий сайты жазды.
Акорданын билдиргени боюнча, кол коюлган документтер авиация жана космосту изилдөө, нефтехимия жана айыл чарбасы, андан тышкары инфраструктураны өнүктүрүү тармактарын камтыйт.
— Америка казак экономикасына жумшалган түз инвестициялардын көлөмү боюнча экинчи орунда. Эгемендик жылдары сиздердин ишканалар Казакстанга 50 млрд. доллардан ашуун инвестиция салды. Өткөн жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-сатык 2 млрд. долларга жакындады, — деди Назарбаев 16-январдагы жыйында.
Ал ошондой эле Казакстанда америкалыктардын катышуусундагы 500дөй компания иш алып барарын кошумчалады.
Ушул эле күнү Назарбаевди АКШ президенти Доналд Трамп кабыл алып, экөө көбүнесе эларалык коопсуздук темасын талкуулашты.