• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Араванда окуучу бала асынып алды

30 Теке 2018 11:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.07.2018. Govori.TV
Оштун Араван районунда мектептин 9-классында окуган окуучу үйдүн чатырында асынып турган жеринен табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБсинен билдиришти.
Андагы маалматка караганда, 27-июлда күндүзгөү саат 14:00 чамасында Араван районундагы Төлөйкөн кыштагындагы үйлөрдүн чатырынын биринен 2003-жылы туулган баланын жансыз денеси табылган. Ал өз үйүнүн чатырына жип байлап, асынып алган. Жергиликтүү милиция, куткаруу кызматы жансыз денени соттук-медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн камынып, бирок, баланын туугандары анын сөөгүн текшертүүдөн баш тартышкан. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, баланын ата-энеси көп жылдан бери Орусияда эмгектенишчү.
Учурда милиция өлүмдүн себебин иликтөөдө.
Количество просмотров: 16