• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Азаттык” менен “Клооптун” иликтөөсү эл аралык сыйлыкты жеңди

7 Чын куран 2020 20:17 Бишкек Govori.TV

«Азаттык» (RFE/RL), OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аттуу иликтөө эл аралык Том Реннер атындагы сыйлыкты жеңди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 17 категорияга дүйнөнүн чар тарабынан 450дөн ашуун материал ат салышкан. Жеңүүчүлөрдүн катарында «Вашингтон пост» гезитинин Ооганстандагы согуш тарыхы жөнүндө, «Нью-Йорк таймс» гезитинин Сирияда бомбаланган ооруканалар тууралуу, HBO телеканалынын спорттук иликтөөсү жана башка редакциялар бар.

«Конкурстук комитеттин төрайымы Женнифер ЛаФлёр «бул жылкы эмгектер мекемелер жана адамдарды жоопкерчиликке тарта алган иликтөөлөрдүн жаркын үлгүсү» деп баа берип, иликтөөлөрдүн көпчүлүгүндө буга чейин кездешпеген инновациялык ыкма колдонулганын белгиледи»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Том Реннер сыйлыгы кылмыштуулуктун жана уюшма кылмыштуулуктун бетин ачкан журналисттик материал үчүн эл аралык «Иликтөөчү кабарчылар жана редакторлор» (IRE) уюму тарабынан ыйгарылып келет.


Количество просмотров: 133