• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баласын баштыкка салып өлтүргөн аялга кылмыш иши козголду. Казакстан депутатга кылмыш ишин козгоду.Соңку жаңылыктар 20.02.18.

20 Бирдин айы 2018 14:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.02.18.Govori.TV
Казакстан кармалган депутатга кылмыш ишин козгоду
Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулуна аны менен кошо кармалган Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадиловго Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси, «Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү», 264-«Трансулуттук кылмыш тобуна же трансулуттук кылмыш уюмуна катышуу беренеси менен айып тагылды.Бул тууралуу Tengrinews сайты Алматы шаардык сотунун маалымат кызматына шилтеме берип жазып чыкты. Алматынын Алмалы райондук соту 17-февралда үч кыргызстандыкты эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Малчы келинге кылмыш иши козголду
Баласын баштыкка салып, дивандын астына салып өлтүргөн келинге кылмыш иши козголду. Бул туурасында Govori.TV сайтына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.»Баласын баштыкка салып, дивандын астына катып койгон келинге 100-берене (эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү) менен кылмыш иши козголду. Ымыркайдын өлүмүнө айыпталып жаткан келин учурда ден соолугуна байланыштуу Чүй облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө дарыланып жатат», — дейт басма сөз кызматынан.Эске сала кетсек, Аламүдүн районуна караштуу Восток айылында келин өзү төрөп, баланы баштыкка салып, дивандын астына катып койгондугу тууралуу маалымдалган. Андан кийин келин дарыгерлерге дааратканада төрөп алдым деп билдиргендиги белгилүү болгон.
Бокс боюнча даярдыктар башталды
Бокс боюнча курама команда башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев менен биргеликте Казакстандын Алматы шаарында окуу-машыгууларын баштады. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. 19-февралда башталган машыгуу 4-мартта жыйынтыкталат. Буга спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 325 миң сом бөлүндү.Эскерте кетсек, курама команда ушул жылдын 18-августунан 2-сентябрга чейин Индонезиянын борбору Жакартада өтө турчу Азия оюндарына карата даярдык көрүүдө.

Количество просмотров: 41