• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Баткен менен Кара-Сууда кайра шайлоо белгиленди

5 Жалган куран 20249:20 Бишкек Govori.TV

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимовдун жана Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карап, бир добуштан кабыл алган.

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун агасы.

Ал эми Нурлан Ражабалиев 2021-жылы 27-январда “Коррупция” беренеси боюнча соттолгон.

Количество просмотров: 83