Бишкек. 29. 06. 2018. Govori.TV
Баткен шаарында куткаруучулар сууга чөккөн адамдын өмүрүн сактап калышты.Бул тууралуу ӨКМнин бама сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, 2018-жылдын 28-июнь күнү саат 14:22 чамасында Баткен облусунун Баткен шаарындагы Батырканов атындагы каналга адам түшүп, агып кеткендиги тууралуу маалымат ШИИБнөн түшкөн.
Анда КР ӨКМнин №3 өзүнчө мобильдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары жерине ыкчам жетип барышып 1993-жылы туулган Маматашым уулу Илгиз аттуу жаранды каналдан чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, туугандарына өткөрүп беришкен.
Учурда жабырлануучунун абалы канааттандыраарлык.