• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бейшеналиев: Коюлган айып менен макул эмесмин, ал пара эмес болчу

30 Аяк оона 2022 19:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда пара алууга шектелип кармалган Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралууда.

Учурда Бейшеналиев сотко жеткирилип, коюлган айыптар менен макул эместигин айтты.

Анын айтымында, берилген акча пара эмес.

«Атайы бизнес долбоор бар болчу. Ошого инвестиция кылына турган акча болчу. Мен күнөөлүү эмесмин, баары жакында аныкталат»,-деди Бейшеналиев.

Ал эми сот имаратынын алдына министрдин тарапташтары чогулду.

Кошумчалай кетсек, Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда кабарлаган. Ал эки суткага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Количество просмотров: 3034