Беш-Таш жайлоосу
"Беш ташка айланып калгыла" деген беш балананын тарыхы.
Манас атабыз жердеген Таласта уламыштарга бай кызыктуу жерлер абдан көп. Районубуздагы ар бир айылдын аталыштарында кагаз бетине жазылбай ооздон-оозго айтылып келген легендалары бар. Баардыгыңыздар жакшы билген "Беш-Таш" эс алуу паркы да Талас районунда жайгашкан. Ат арытып алыстан келген коноктордун баардыгы алгач Беш-Таш эс алуу паркына барышат. Себеби, жайлоодогу жаратылышты башка жерден кезиктирүү мүмкүн эмес.
Govori.TV маалымат агенттигинин журналисттери да Бабалар мурасы. Укмуштуу Кыргызстан долбоору менен Талас районундагы Беш-Таш жайлоосуна күндүн кеч кирип баратканына карабай жолго чыкты. Анткени көргөндүн көзүн суктандырган, уккандын кулагын сүйүнткөн Беш-Таштын да өзгөчө уламышы бар экен.

.



Алгач Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын директору Жыңгалиев Нурдин агайга жолугуп ал менен чогуу жайлоонун төрүнө жөнөдүк.

Таластан Беш-Таш паркынын кире беришине чейин 13км. Шлагбаумдан бизди көз айнекчен кабагы бүркөлгөн аял тосуп алып, тосулган темирен биздин унаанын өткөрүп койду. Баса жаратылыш паркына эс алып келген ар бир киши 30 сомдон төлөш керек. Бирок, биз төлөгөн жокбуз анткени директору жаныбызда болчу да ))

Туристтер үчүн -10 доллар, унаа менен болсо - 20 доллар.


.

Кош келгиле

Кеч кирип, күн тоонун бетине жашынып уясына батып бараткандыктан Беш-Таш жайлоосунун көркүн күндүн чачыраган нурлары менен байланыштырып сүрөтчүбүз сүрөткө тартып баратты.
Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркы 1996-жылы 2-августа Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 350-токтомунун негизинде уюшулган. Табигаттан берилген мындай уникалдуу жаратылышты сактап калуу максатында "Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркы" түзүлгөн. Себеби, жаратылышта сейрек кездешүүчү илбирс, сүлөөсүн, бүркүт жору ж.б. кызыл китепке катталган жан-жаныбарлар, канаттууулар Беш-Ташты байырлап келет.
Асман тиреген зоосу анда өскөн бийик-бийик арча-карагайы, көздүн жоосун алган жаратылышы, шаркырап аккан сунуун дабышы, жашыл түскө боелгон өңү суктандырбай койбойт.
Беш-Таштын аталышы боюнча ар кандай уламыштар айтылып келет. Алардын биринде "Илгери бул жайлоодо жашаган бир аялдын жолдошу каза болуп 5 баласы менен жалгыз калат. Көр тирликтин күнүн көрүп баягы беш баласын өзү багып чоңойтот. Арадан жылдар өтүп баягы жесир аял алдан күчтөн тайып улгайып калат. Ошол маалда баягы беш баласы эрезеге жетип, кол-аякка жарап тамак-аш таап апасын бакканга жарап калган болот. Балдарынын күнүгө алып келген тамагына кубанган эне "адал эмгегиңер менен таап келип жатасыңарбы?" деген суроо салат. Балдары "ооба, эч ойлонбоңуз адал эмгегибиз менен таап келип жатабыз" деген жооп кайтарышат. Бирок, алар Талас менен Кетмен-Төбөнү байланыштырып турган Терек, Кырк-Серке, Коргон-Шанектен өткөн адамдарды, баягы жерден өткөн кербенчилерди талап-тоноп тамактарын тартып алып турушкан болот. Кийин бул кылгандарын жесир энеси билип калып калп айтып мени баккан арам тамагыңар үчүн "беш ташка айланып калгыла" деп каргайт. Эненин каргышы балдарына тийип балдары дароо беш ташка айланып калган деген уламыш азыкы учурда эл арасында айтылып келет.
Жайлоонун кооздугу, шибер чөптөрү, куштардын көптүгүн сулуу кыздай кулпурат. Жайлоонун кооздугуна ага көрк берген жашыл түскө көзүбуз тойбой жатып "Өмүр" деген аскага келип калдык. Бул жер Беш-Таштын төрү, Беш-Таштын эң кооз жери экен. Асман тиреген зоону карасаң күрөң, боз анын жашыл болуп үч өңгө бөлүнүп өзгөчө бир жаратылыштын көркүн ачкан кооздук берип турат.
Беш-Таш жаратылыш паркында 800 жакын гүлдөрдүн түрү өсөт. Бул жерде рекреациялык, туристтик, чарбалык зона жана өзгөчө корголуучу аймакта иш алып барылат. Туристтик жай болгондуктан көбүнчө эс алуучу жайлар уюштурулган. Чарбалык зонада жайытчылар малдарын жайышат жана токойго көчөт тигүү боюнча иш алып барылат. Ал эми өзгөчө корголуучу аймакта мал жайганга, курулуш иштерин кылганга тыюу салынган.
Бул жерде кызыл китепке кирген жаныбарлар байырлагандыктан атайын видео көзөмөл орнотулган. Мындан сырткары ден соолука пайдалуу, дарылык касиети бар баткак, булактар бар.
Күүгүм кирип ирең-караңгы болуп калганда биз артка кайттык. Беш-Таштын кооздугуна суктанып жартылышына көзүм тойбой калды.
Бул жерге дагы бир жолу келишим керек экен.
Жолдо катар апасынын каргышына калган беш уулу ойлондуруп жатты. Ата-эненин каргышын албай алардын сүйүүсүнө бөлөнүп, ар бир бала мээримине балкып жашашы керек. Эгер ким ата-энесин ыраазы кылса, ага дүйнө ыраазы болот деген чечим менен биздин Талас жергесине болгон сапарыбыз соңуна чыгып баратты. Окурман сиз дагы качандыр бир кезде бул жерге келсеңиз анда биз жазган уламышты эстейсиз деген ишенимдемин!

Бул материалдар Интерньюс-Кыргызстандын колдооусу менен даярдалды
Журналист
  • Акылай Маратова
Дизайнер
  • Бегимкулов Бектен
фотограф
  • Бегимкулов Бектен
Made on
Tilda