• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекти жылытууга саатына 300 тонна көмүр жагылууда

26 Үчтүн айы 2018 17:41 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 26.01.2018 Govori.TV

Ушул тапта борбордун жашоочуларынын жылуулугу үчүн Бишкек Жылуулук Электр Борбору (ЖЭБ) саатына 250-300 тонна көмүр жагат. Бул маалыматты Govori.TVнын кабарчылары жылуулук борборунун иши менен таанышуу учурунда алышты.

Анда белгилүү болгондой, борбор шаарынын тургундарынын жылуулугун камсыздоо үчүн күнү-түнү 150 адам эмгектенип, ЖЭБ суткасына 7 миллион 747 миң киловатт-саат электроэнергиясын иштеп чыгарууда. Ошондой эле 30 миң тоннадан ашык суу 80 градустан жогорку  ысыктыкта ЖЭБтен чыгып шаар ичине тарайт.  Баарынан кызыгы, бир үй-бүлөө бир суткада бир кап көмүр керектесе, бул ири жылуулук станциясы саатына 250-300 тонна көмүр жагат экен. Демек, бир суткада жылуулук ишканасына 7200  тонна көмүр жылуулук жана ысык суу,  электр алуу үчүн керектелет.

Ишканын техникалык коопсуздук кызматынын башчысы Павел Иккоников тааныштыргандай, кампадан тынымсыз келген көмүр а дегенде тегирменге келип түшүп, андан ундай майдаланган соң гана күйүүчү мешке жөнөтүлөт. Көмүр жагылган мештин ичиндеги ысыктык болсо + 1500 градусттан ашат. Мындай ысыктан казандагы суулар кайнап, жогору көтөрүлгөн ысык буудан буудан электр энергиясы бөлүнүп чыгат.

-Эске сала кетсек,Бишкек ЖЭБи  модернизациялоо өтөн жылы аяктаган, бул долбооргон 386 млн. доллар сарпталып,  кубаттуулугу эки эсеге арткан болчу.

 

Количество просмотров: 4