• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкектиктер жөө жүрүүнү каалашпайт

8 Бештин айы 2017 9:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын 84 пайыз жашоочулары шаардагы унаалардын азыркы саны өзүнүн жана  жакындарынын ден-соолугуна зыянын тийгизет деп эсептесе, 16 пайызы эч кандай зыяны жок деп жооп берген. Мындай изилдөөнү Сорос фонду менен биргеликте Борбор Азиядагы Америка Университетинин алдындагы айлана чөйрөнү коргоо жана өнүктүрүү борбору жүргүзгөн.

Шаарда ыңгайлуу жана ишенимдүү коомдук автотранспорт каттаса айдап жүргөн  унааңыздан баш тартат белеңиз деген суроого шаардыктардын 43 пайызы “ооба”, 53 пайызы “жок” –деп жооп берген.

Шаардыктардын көпчүлүгү коопсуз жана ыңгайлуу веложолдор салынса, унаасынан баш тартып велосипедге отурбасы да белгилүү болгон. Шаардыктардын 38 пайызы велосипедге отурууга даярбыз десе, 62 пайызы унааларын эле айдоосун туура көрүшкөн.

 

Количество просмотров: 3