• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бок ташыган унааны төш белгиси жок инспектор токтотту (видео)

7 Бирдин айы 2018 17:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.02.2018. Govori.TV.

Бүгүн, 7-февралда интернетте  милиция кызматкери белгисиз үлгүдөгү жүк ташуучу унааны токтотуп, айдоочу эмне жүктөп бара жатканына кызыккан видео тарады.

Бул тасмадан  айдоочу кык жүктөп баратканын айтып, эмне себептен укук коргоочунун төш белгиси жок экенин сураган. Милиционер болсо жаңы кызматкер болгондуктан азырынча төш белги ала электигин, бирок күбөлүгүн көрсөтө аларын билдирген. Ал эми  айдоочу төш белгиси жок милиционерге эч кандай документин көрсөтө албаарын билдиргенде, аны айласыздан кое бергендигин көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖККББнын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов милиция кызматкерлерин сүрөт жана видеого тартып, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого мыйзам чегинде тыюу салынарын айткан. Бирок Башкы прокуратура анын кебин четке кагып, эскертүү берди.

 

 

Количество просмотров: 14