• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Болот Темировдун соту дагы жылдырылды

22 Аяк оона 2022 14:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 22-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун жактоочусуна сөз берилип, чечим чыгаруу жараяны болот деп белгиленген. Бирок, Болотовдун соту жылдырылып, 28-сентябрга белгиленди.

Айыптоочу тарап Темиров күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, паспорт алууга байланыштуу эки эпизоддун ар бири боюнча төрт жылдан, мындан тышкары “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “мыйзамсыз маңзат сактаган” деген эпизоддордун ар бири боюнча да төрт жылдан эркинен ажыратууну сунуш кылды.

Жыйынтыгында прокурор журналистти жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин айтты.
Өз сөзүндө Болот Темиров күнөөсү жок экенин айтып, документ алуудагы мыйзам бузуу тууралуу айыптоо жасалма анкетага негизделип жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 101