• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Болот Темировго дагы кайсы кылмыш иштери козголгон? Бишкек ШИИБ маалымат берди

20 Чын куран 2022 13:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек ШИИББи журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча комментарий берди.

Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, Болот Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо» боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ички иштер башкы башкармалыгы бул иштин чоо-жайын териштирүү учурунда айыпталуучуга жаңы кылмыш иштери козголгону белгилүү болгонун билдирет. Белгиленген фактылар боюнча объективдүү юридикалык баа берүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси “Документтерди жасалмалоо” жана 378-беренеси “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү” боюнча кылмыш иштери козголгон.

Укук коргоо органдары Болот Темиров Россия Федерациясынын жараны экенин билип туруп, паспорт бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп, Кыргызстандын жаранынын паспортун мыйзамсыз алуу максатында 2008-жылдын 11-июлунда паспортту тапшырган деп эсептейт. Башкармалыкка Өзгөн шаардык бириккен аскер комиссариаты тарабынан башка адамга таандык жасалма аскердик билет берилген. Бирок Коргоо министрлигинен Болот Темировдун аскер билетин алганы жана шашылыш түрдө аскердик же альтернативдик кызматты өтөгөндүгү тууралуу маалымат жок.

«Орусиянын жарандыгына тиешелүү экендигин жашырып, 2008-жылдын 24-июлунда Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алуу максатында жарандык паспорт алуу тартибин бузуп, паспорт бөлүмүнө дагы бир атайылап жалган убактылуу өздүк күбөлүгүн тапшырган. Ал ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен жана жоголгон себептерден улам бир нече жолу жаңы паспорт алууга жетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жасалма документтердин негизинде колдо болгон бардык паспорттору менен Темиров Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын 50дөн ашык мыйзамсыз кесип өткөнү аныкталган.

Эске салсак, Темиров өзүнө карата дагы үч кылмыш иши козголгонун кечээ фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлап, журналист муну кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Үстүбүздөгү жылдын 22-январь күнү кечинде милиция кызматкерлери атайын багыттагы жоокерлердин коштоосунда борбор калаадагы Темировдун Live телеканалынын журналисттеринин кеңсесине келишкен. Анда Болот Темиров кармалып, Бишкек ШИИБге жеткирилген. Болот Темиров менен бирге анын кесиптеши Болот Назаров да кармалганы белгилүү болгон. Эртеси экөө тең тил кат менен бошотулган.

Количество просмотров: 100