• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бороондон улам, Баткен жана Ош облусундагы ондогон айыл жарыксыз калды

27 Бештин айы 2017 13:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-декабрда түндө болгон бороондон улам Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Ош облусунун Ноокат районунун көпчүлүк айылдарында электр жарыгы өчүп калган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Бороондон улам жарыксыз калган айылдардын тизмеси:

Ош шаарындагы «Калинин» массиви, “Амир Темир”, Жапалак, Жаңы-Турмуш, жана Керме-Тоо, Он-Адыр, кичи райондорунда , Ош облусундагы Кара-Суу шаарында, Каратай, Эшме, Мады,айылдарында, Кара-Суу районунда, Ноокат районундагы Көк-Жар, Найман, Зулпуев, Гулистан, Мирмахмудов , Араван  районундагы А.Анаров, Керме-Тоо жана Өзгөн районунун   Кароол айылдык кеңештеринде , жана дагы Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында  электр жарыгы өчүп калган.

Ал эми Учурда райондордо  өчүрүүлөрдү калыбына келтирүү боюнча 58 уроочулардын ыкчам бригадасы өчүрүлгөн участоктордун электр энергиясын калыбына келтирүү менен алектенишүүдө.

Количество просмотров: 5