Эмне үчүн Үч-Эмчек айылы деп аталып
калганын билесизби?


Анда менин айылыма сапар алабыз
Талас районунда Үч-Эмчек деген айыл бар. Айылдын аталышын биринчи уккан адам дароо жылмайат. Мен бул айылдын кызы болгондуктан айылдын аталышына кулагым көнүп деле калган.

Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттиги бул жолу менин айылымдын аталышына кызыгып Үч-Эмчек айылына жөнөп калдык.

Айылыбыздын Үч-Эмчек деп аталышы баарына кызык. Аталышы боюнча ар кандай уламыштар эл оозунда айтылып келет. Мен уккан уламышта биздин аймакта аккан үч өзөндүн башы биригип үч эмди билдирген десе, биринде тегеректеген тоолордун арасында үч эмдин элесин чагылдырган тоолор көп болгондуктан Үч-Эмчек деп аталып калган дешет.
"Сексени камыр сегизи эт себелеткен Таластык.
Кайран этти гүлчөгө тебелеткен Таластык"-деп тамаша чынга аралаш Токтогул атабыздын ыр саптарында айтылгандай Таластын фирменный Гүлчөтайын дайындап ата-энем сексен этти гүлчөгө тебелетпей сүрсүгөн сары жүрмөсүн салып бизди тосуп алышты.

Айылдын жай турмушу эртең менен таң атпай туруп уй саап, сүт төгүүдөн башталат. Сүтчүлөрдүн жумушу таңкы саат 4тө башталып, саат 09:00гө чейин айылдагы сүттүн баарын алып кетишет. Сүттүн 1 литри 14 сом.
Биз шаарда жашап, борбордук болмуш болуп төш кагып айына 10 миң сомдун тегерегинде айлык алсак, айылдын көпчүлүк жашоочулары айына эмес 15 күндө жыйырма миң сомго чейин сүттүн акчасын алышат экен.

Эркин байке
Эми айылдын аталышына кайрылалы. Кызык эмне үчүн Үч-Эмчек деп аталат болду экен деген суроо сизде да жаралып жатса керек. Көрсө окурман илгери бул жерде үч айыл болуп аларды бириктиргенде "Үч-Эмчек" деп аталып калыптыр. Бул дагы өзүнчө бир уламыш. Бабалардын бизге калтырып кеткен мурасы
Өзү 500 түтүнгө жетпеген кичинекей айыл болсо да ичинен Өзгөрүш, Эңглис жана Өрнөк деп үч башка айтылып келет. А мен айылдын ортосунан орун алган Эңглис деген жеринен болом. Айылдаштарымдын көпчүлүгү мал-чарбачылык менен алектенишет.
Таластык болом десем баары эле быйыл канча фасоль алдыңар деп сурай беришет. Бирок, мен эс тартканы фасоль эмне экенин билбей чоңойгом. Анткени биздин айылга фасоль өспөйт. Айылдан сүттүн акчасына эле май, чай, сахар ж.б.керектүү азык-түлүктөрдү алып алса болот. Мындан сырткары талаа жумуштары менен күн өткөрүп келишет.
Үч-Эмчек айылында мектеп, клуб, эки спрот зал жана швея бар. Эң кызыгы метепте окуган өзгөчө кыздар башка жака барганда айылдын атын айтуудан уялышып көбүнчөсү Эңглис деп коюшат, алардын арасында мен да бармын. Эңглис биздин айылдын экинчи аты.
Бакай-Ата районунда да Үч-Эмчек деген айыл бар . Ал жактын кыздары тээтиги айылдан кийинки айыл биздики деп айылдын атын айткандан уялышып тергеп коюшат экен.
Таластыктар мактанчак келесиңер десе мен дагы алардын катарын толуктап биздин айылдан Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Касым Каимов, Белгилүү драматург, режиссер, акын Эрменбек Токтогулов. Ардактуу эс алууда жүргөн "Бишкеккурулуш" АК фирмасынын генералдык директору Аскарбек Молдобаев. Бизнесмен Турдумалиев Сазыкбай ж.б. агайлар менин айылымдан чыккан деп мактанып калам.
Үч-Эмчек айлынын тарыхы мына ушундай.
Эң кызыгы Кыргызстанда Үч-Эмчек деген үч айыл бар экен. Эки айыл Таласта болсо үчүнчүсү башка облуста. Кызык, алардын айылы эмне үчүн Үч-Эмчек деп аталып калды болду экен? Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттиги бул суроонун жообун кийинки сапарында айтып берет.

Өлкөбүздөгү ар бир айылдын аталышы анын тарыхы айтылып келген уламышы менен укмуштуу Кыргызстаныбыз бабабалардын мурасына
бай экенинен кабардар болуп сыймыктана алабыз. Улуу муундун учугун улап, келечек муунга бабалардын бизге калтырып кеткен мурасын аздектеп жеткирип берүү ар бир кыргыз атуулунун милдети. Кыргызстаныбыз кереметтүү өлкө!


Бул материалдар Интерньюс-Кыргызстандын колдооусу менен даярдалды

"МИА" Govori.tv
Журналист
  • Акылай Маратова
Фотограф
  • Бектен Бегимкулов
Made on
Tilda