• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ч. Султанбекова: «Эки ажо согуша кетсе, биз саясатка келип алсак дегендер да бар»

6 Бештин айы 2018 9:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамилеси мамлекеттин өнүгүшүнө таасир бербеши керек. Болбосо саясатчылардын арасында «эки ажо согуша кетсе биз саясатка келип алсак» дегендер да бар. Мындай пикирин мурунку вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.
Анын айтымында, ар бир региондун өзгөчөлүгүн эске алып өнүгүү программасын кабыл алыш керек. Чүй облусу үчүн каралган программа менен Баткенди өнүктүрүү эффективдүү болбойт. Мындан сырткары өкмөт аймактык-территориялык реформага барбаса өнүгүү кыйын.
«Акимдерди күчтөнтүү зарыл. Азыркы күндө аймакта туугандары, таанышы көп адам айыл өкмөт башчы болуп иштеп жатат. Тилекке каршы, Аймактарды өнүктүрүү жылында эч нерсе жасай алган жокпуз. Социалдык, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр чечилген соң гана башка маселелерге көңүл бурсак жакшы болот. Системаны жаңыртуу зарыл. Ал үчүн саясий эрк керек. Биз СССР убагындагы системадан, бюрократизмден алыстай албай жатабыз«,-дейт Султанбекова.
Ал буга кошумча, өкмөттүн ыйгарым укуктары кеңейтилген соң өкмөт башчы, вице-премьер-министрлер министрлерди өзү тандап, бир команда менен иштеши керек экенин белгиледи.
Булак: “Марал” радиосу
Количество просмотров: 15