Бишкек.23.01.2018.Govori.TV
Бишкек — Ош унаа жолунун 264-чакырымындагы Чычкан суусуна түшүп кеткен май ташуучу унаасы 22-январь күнү саат 15.30да чыгарылганын ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, 38 тонна май ташып бараткан унаа 20-январь күнү сууга кулап, анын кесепетинен бир адам каза тапкан. Кырсыктан жабыркаган дагы эки киши аймактын ооруканага жеткирилген.
Мындан сырткары, жергиликтүү ишкердин суунун боюнда жайгашкан балык чарбасына зыян келтирилип, төрт тоннага чукул балык кырылып калганы айтылган.