• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Дөө Чыңгыздын” оң колу катары айтылып жүргөн Самарбек Жолдошев жатак абакка чыгарылды

22 Үчтүн айы 2018 12:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.01.18.Govori.TV

“Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен белгилүү, уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловдун «оң колу» катары айтылып жүргөн Самарбек Жолдошев жатак абакка чыгарылды. Бул тууралуу  Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Марат Канулькулов билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 19-январда кабыл алынып, ага №3 түрмөнүн башчысынын сунушу себеп болгон.

Самарбек Жолдошев 2016-жылы Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал «адам уурдоо», «уурулук», «опузалап акча талап кылуу» жана «автоунааларга мыйзамсыз ээлик кылуу» сыяктуу төрт оор берене боюнча күнөөлүү деп табылган.

Ал эми милициянын каттоосунда уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары турган Чыңгыз Жумагулов абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу жаза менен эркиндикке Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен 17-январда чыккан. 2016-жылы кармалган Жумагуловду башында райондук сот 18 жылга соттосо, шаардык сот аны 13 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Жогору сот жети жылдык жаза берген. Анын бир жылдан кийин эле шарттуу жаза менен эркиндикке чыгышы коомдо талкуу жараткан.

Жумагуловго башында «киши өлтүрүүгө катышкан», «бийлик өкүлүнө күч колдонгон», «ээнбаштык кылган» жана «кылмыш тобун түзгөн» деген айыптар тагылган.

Azattyk

Количество просмотров: 32