Дүйнөгө белгилүү болгон Шекер
айылынын керемети. Ысмайылдын үңкүрү

Шекер айылы Кыргызстанга гана эмес, дүйнөгө белгилүү айыл. Чыңгыз Айтматовдун ар бир чыгарамсында айылдын дабышы сүрөттөлүп жазылып, айылдын атын алсыка чыгарса, ал айылдаштарын дүйнөлүк чыгармалардагы каарамандардын катарына кошкон. Учурда айылдын тургундары Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар менен сыймыктанып жай турмушун улантып келет.



Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттигинин журналисттери Таласка облусуна болгон сапарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Шекер айылына сапар алды. Бул сапарда Шекер айылынын сыры андагы мурасттар, айтылып келген уламыштар, Ысмайылдын үңкүрү, үңкүрдөгү уламыштар туурасында кенен айтып беребиз.
Алгач бизди Күркүрөө маданият үйүнүн директору Саматбек Рыспаев тосуп алып биздин чыгармачыл топту Шекер айылындагы Күркүрөө маданият үйү андагы Чыңгыз Айтматовдун музейи менен тааныштырды. Биз барганда Күркүрөө маданият үйүндө Айтматовдун 90 жылдыгына карата оңдоо иштери жүрүп жаткан экен.

Күркүрөө маданият үйүнүн директору Саматбек Рыспаев
Бизди дароо Күркүрөө маданият үйүндө өткөрүлгөн иш чаралар алардын тарыхы менен тааныштырды. Саматбек Рыспаевдин айтуусу боюнча маданият үйү 1970-жылы курулуп ошол күндөн бүгүнкүгө чейин ардактуу айылдын атуулдарына кызмат кылып келет.
Музейдин тарыхы
Шекер айылын дүйнө элине тааныткан Чыңгыз Айтматовдун музейи Күркүрөө маданият үйүнүн экинчи кабатында жайгашкан. Экспозициясынын негизин жазуучунун чыгармачылык жолун чагылдырган документтери, гезит-журналдагы материалдары, жазуучунун кол жазмалары, сүрөттөрү жана жазган китептери түзөт. Дүйнөнү калеми менен багындырган Айтматовдун столу менен отургучу музейдин ичинен өзгөчө бир орунду ээлеп алгач көргөн адамга кадыресе жазуучу менен амандашкандай элес калтырат.
ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Айтматовдун чыгармалары бүгүнкү күндө көп басылган классиктердин бири. Жазуучунун чыгармалары 176 тилге которулуп, 100 миңден ашык басылмалар менен жарыкка чыккан. Айтматовдун чыгармалары мектеп программасына кирип бир топ өлкөлөрдө окутулуп келет.
Музей
Бул музейди көргөн соң атайын ачылган журналга каалоо-тилектериңди, таасирленген эмоцияңды кагаз бетине жазып кетишиң керек . Биздин чыгармачыл топтон жетекчибиз максатыбызды бадырайта журналдын бир бурчуна жазып, астына кол тамгабызды
сыймыктануу менен койдук.
Музейден чыксак биздин чыгармачыл топту Шекер маданият үйүндө кызмат кылышкан, таланттуу айылдын ак элечек апалары жана аталарынан турган жоон топ "Шайыр апалар" группасы тосуп алды. Ак элечек апаларды коштогон жандарында эки атабыз бар экен. Дароо эле шайыр апалар менен маанайыбыз майрамга айланып кетти.
Шайыр апалар
Айлананы шаңга бөлөп, жарашыктуу сары көйнөктөрүн шамалга желбиреткен ак элечек "Шайыр апалар" группасы бизге арнап атайын "Шекерим" аттуу чыгарманы ачык асман алдында жандуу үн менен обон созуп аткарып беришти.
Шайыр апалар
Апалардын батасын алып андан ары Айтматовдун ачык асман алдындагы музейине жөнөдүк.
Ачык асман алдындагы Айтматовдун музейине келип ар бир чыгармасында жазылган каармандары менен амандашып жалбырактарын дирилдеткен Алтынайдын кош тереги бизди тосуп алды.
"Бото көз булак" музейден анча алыс эмес жерден чыгат. Айтматов булактын суусуна бетин чайкап жан дүйнөсүндө катылып жаткан бугун да, арманын да дал ушул булакка айтып аны менен бирге калеминин мизин кайрап дүйнөнү багындырган чыгармаларын да дал ушул булактын жээгинде жазган.

Булак
Көп сырды бекем сактаган булактын муздак суусу колуңду какшатып, бир ууртам суусу башкача бир даам менен таңдайыңды тамшантат.

Чыңгыз атабыз ичкен суудан ооз тийип, биз дагы атайын бөтөлкөлөргө куюп алдык.

Үңкүргө жол
Биз "Ачык асман алдындагы музейге" болгон сапарыбызда дагы бир жакшы жаңылыктан кабар алдык. Бул жер тарнсформацияланып 15 гектар жер "Чыңгыз ордо комплекси" курулуунун алдына турган экен. Буйруса президентибиз Сооронбай Жээнбеков Шарипович келип капсула салса деген тилек менен Шекер айылынын эли президентти күтүп жатышканын Саматбек агай билдирди. Бул залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата даярдыктын алгачкысы экен.
Чыңгыз Айтматовдун "Бетме-бет" повестиндеги Ысмайылдын образы турмушта болгон окуяны баяндаган трагедиялуу повесттин каарманы Ысмайыл жашынган үңкүр азыркы убакытка чейин айылдын тарыхый легендасында айтылып келет.

Ысмайылдын айылдаш аксакалдары ал жөнүндө жакшы кептерин айтышкан. Карыздан кантип кутулабыз дегендер жок дегенде көзү өткөндө анын сөөгүн өз колубуз менен көтөрүп барып жерге берсек карызыбыздан кутулабызбы дешкен. Муну менен чыгарманын көзүн ачкан Ысмайылдын айкөлдүгүн, берешендигин бааласа болот.

Азыркы учурда кандайдыр бир себептерден улам үңкүрдүн ичиндеги андар ары кетчү тешиктер бүтөлүп калыптыр.
Орок оруп кырманга чыккан күндөрүн эске салып Кулапия апа менен бир топ сүйлөшүп отуруп, согуш маалындагы кыйын күндөр андагы айылдын жашоосу апанын айтканы менен көз алдымда чубалжып өтүп жатты. Бир топ убакыттан кийин апанын батасын алып, мага берген белегин колума тагып, айылдын сыртына чыктык. Баса мага колундагы күмүш шакегин белекке берип, мени эстеп жүр деп саамайымдан өпкөнү түбөлүккө жүрөгүмдө калды.

Рыспаева Кулапия апа
Шекер айылында Ысмайылдын үңкүрүнөн сырткары "Ак үй" деген табышмактуу мазар бар. Уламыштарда бул жерге мындан 100 жыл мурун Эшен деген ата түнөп эртең менен турганда көзүнөн жаш кетип, бул жерге пайгамбар түнөп кетиптир мечит курбасак болбойт деп айыл элин чакыртып, дуба окуп жерди казып ак топурактан кирпич жасатып мечит салдырткан. Пайгамбар түнөгөн жер мазарга айланып, тегереги курчоого алынып "Ак үй" деп аталып азыркы учурда алыстан келишип атайын курман чалып, түлөө берип кудай тамак өткөрүп кетишет.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун калеминен жаралган ар бир чыгармасы Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан. Легендардуу жазуучунун басып өткөн жолу келечек муунга калтырып кеткен мурасы толугу менен кылым карытып жашай берерине анын чыгармаларынын таасири чоң. Бул уламыш эмес, бул укмуштуу Кыргызстанда жашап өткөн легендардуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун басып өткөн жолу!
Бизге калтырып кеткен мурасы.
Эл оозунда айтылып келген уламыштардан улам өсүп келе жаткан келечек муун "ата-бабабыз бүгүнкү күндүн урпактарына мурасттарды, баскан издеринин тарыхый кадамдарын" калтырып кеткенин эсибизге туюп, дилибиз менен кабыл алып кереметтүү Кыргызстаныбыз баблардын мурасына мол экенинен кабардар болушубуз абзел.

Бул материалдар Интерньюс-Кыргызстандын колдооусу менен даярдалды
Журналист
  • Акылай Маратова
Фотограф-Дизайнер
  • Бегимкулов Бектен
Made on
Tilda