Бишкек.21.02.2018.Govori.TV
Жогорку Кеңеш депутаты Исхак Масалиев президенттик шайлоодон кийин «Клооп» сайтынын журналисттери изилдеп чыккан чуулу «Самарагейттин» тагдыры эмне болгондугуна кызыкты.
Эске салсак, «Клооптун» журналисттери президенттик шайлоодон кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын серверинде «Самара» деп аталган кошумча сервер жайгашкандыгын, жана ал президенттикке талапкерлердин бирөөнө иштегендигин изилдеп чыгышкан.
Мамлекеттик каттоо кызматы «Клооптун» иликтөөсүн жалган деп, төгүндөө бербесе сотко берерин билдирген. Бул иликтөө үчүн «Клооптун» журналисти УКМКга суракка да кирип чыккан.