• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат Жамангулов: «Күз, кыш айларында оорулулар дарыгерлергеге кезекти 5 сааттан күтүп, коридорлордо дарыланып жатышат»

11 Үчтүн айы 2018 11:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.01. 18. Govori. TV
Күз, кыш айларында -оорулуулар дарыгерлерге көрүнүш үчүн ооуканаларда кезекти 5 сааттан күтүп кыйналышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «»Республика –Ата Журт фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов бүгүн парламенттин пленардык жыйынында айтып чыкты.
«Күзүндө, кышында жаш балдар гана эмес чоңдор да инфекциялык оорулар менен көп ооруп, анын кесепетинен дарыгерлерге кайрылууга мажбур. Алар инфекциялык ооруканада дарыгерге кириш үчүн 5 сааттан кезекке туруп жатышат», — деп билдирди эл өкүлү.
Депутаттын айтымында, мындай көрүнүш №3 балдар ооруканасында да кезигет.
«Кабыл алуу бөлүмдөрү жетишсиз болгондуктан ата –энелер жаш балдар менен бир нече саат кезекте турушат. Инфекциялык ооруканада палаталар жетишпец оорулуулар коридордо жатып дарыланышат», — деди депутат.
Эл өкүлүнүн айтымында,соцтармактын колдонуучулары бул маселени байма бай интернет айдыңында көтөрүп турушат, бирок өкмөттөн бул маселеге көңү бурган эч ким жок.
«Аширбек Мойдунович, ушул маселеге бир көңүл буруп, дарыгерлердин кабыл алуу бөлүмдөрүң көбөйтүп берүүңүздөрдү суранам», — деди депутат.

Количество просмотров: 3