• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутаттар камактагы Асылбек уулу Дамирбек менен жолугуша алган жок

23 Жалган куран 2018 18:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.03.2018.Govori.TV
Кыргызстан фракциясынын депутаттары Казакстанда камакта жаткан депутат Асылбек уулу Дамирбек менен жолугуша алган жок.
Казакстан тарап Асылбек уулу Дамирбек Казакстан жараны экенин билдирип, кыргыз тарап казак жараны менен жолугуша албастыгын айткан. Депутаттын адвокаты бар, ал учурда казак мыйзамдары менен иши тергелүүдө деген.
Эске салсак, Асылбек уулу Дамирбек Казакстанда колго түшүп, эки айга камалган. БШК жакынкы күндөрү аны мандатынан ажыратуу боюнча маселени карары айтылууда.
Количество просмотров: 3