• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Парламент сел жүргөн Аксы жана Сузактагы кырдаал жөнүндө ӨКМдин маалыматын укту

29 Теке 2021 18:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда сел жүргөн Аксы жана Сузак райондорундагы  кырдаал жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары  Калыс Ахматовдун маалыматын укту.

Ахматов селдин натыйжасында калк тарткан материалдык зыян, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча  өзгөчө ведомство тарабынан  көрүлүп жаткан чаралар  тууралуу айтып берди.

Талкуунун жүрүшүндө  депутаттар  селдин алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү, жээктерди бекемдөө жана  дамбаларды куруу иштерин өз учурунда жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн балансындагы дамбаларды ӨКМге берүү зарылдыгын айтышты.

Эл өкүлдөрү ошондой эле Министрлер кабинетине  селдин натыйыжасында  турак-жайлары кыйраган жарандарга турак жай ссудаларын берүү мүмкүнчүлүгүн  карап көрүүнү сунушташты.

Количество просмотров: 150