• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Экс-президент Албек Ибраимовдун иштен кетиши боюнча билдирүү жасады

13 Теке 2018 16:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.07.2018 Govori.TV
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин мэри Албек Ибраимовго карата ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндүгү тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу КСДП фракциясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Албек Ибраимовго болгон саясий куугунтуктун жыйынтыгы мурда боолгогондой эле болуп чыкты. Шаардык кеңештин сессиясына келбей калган себебин мэрдин өзүнөн сураш керек эле. Балким, ага бул тууралуу маалымат келген эместир, а балким депутаттарга ушундай ыңгайлуу болгондур. Карасаңар иштеп аткан кишиге тоскоол болгондорун! Жарым жылдан бери ушул көрүнүш», —деди Алмазбек Атамбаев.
Бийликтегилер мунун жемкорлук менен күрөшүүгө эч кандай тийиштиги жок экенин жакшы билишет. Ал эми Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовго карата маанисиз айыптоолор жана негизсиз куугунтуктар, айрыкча ЖЭБ боюнча эксперттерге жасалган басым кимди гана болбосун акыйкатка болгон ишенимин жокко чыгарат.
Белгилей кетсек, бүгүн 13-июлда шаардык кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушуп мэр Албек Ибраимовго ишенбестик көрсөтүлүп 40 эл өкүлү добуш берди.
Количество просмотров: 17