Фермер кесиби

Бактылуулук квинтэссенциясы

Менин ноутбугумдун иш тактасында Кыргызстандын аймактарынын сүрөттөрүн камтыган 7 папка турат. Ар бир папка менен кандайдыр-бир окуялар байланыштуу. Ар бир папкада кичинекей жашоо катылган. Дүйнөлүк эпидемияга чейин бир-эки ай мурун эле котормочу экөөбүз бүтүндөй Кыргызстанды кыдырып чыктык, алыскы айылдарга бардык, комфорттуу шарттардан сырткары адамдар кандай жашарын көрдүк. Буга чейин эч качан мен периферияга барууга мынчалык умтулган эмесмин, мени кимдир-бирөө муз каптаган жолдор менен ашууларды карай кубалагандай, артымдан итерип түрткөндөй, шаштыргандай. Мен таасирлерге тунуп, маарып кеткендеймин.

Азыр өз батиримдин төрт дубалында камалып отуруп, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан (ӨА жарыяланган күнү б из Таласка жол тартмакпыз) тартылган сүрөттөрдү карап олтурдум. Бул сүрөттөр мага ооруну басаңдатуучу каражат, шоколад менен шарап же досумдун кучагындай эле жагымдуу таасир тартуулайт.Маалыматтык агымдан жана жаман кабарлардан баш айланып, колум титирей баштаган кезде, жер көчүп, туңгуюкта калгансыган коркунуч жаралган кезде, мен биздин сапарларды чагылдырган сүрөттөрдү ача баштайм.

Бул кооздукка эч качан көнө албайм. Тоо стихия катары, дүйнө керемети катары, бактылуулук квинтэссенциясы катары.

Жумушчу блокноттогу жазуулар

Буларды мен бир нече айдын аралыгында жазганмын. Бул жаңы жерлерди көрүүдөгү биринчи таасирленүүлөрүм.

Калем менен жазганмын. Көбүнчөсү чарчаңкы, уйкусураган абалымда жазылган. Уйку-соонун ортосундагы чек аралык абалдагы жазуулар.

Ысык-Көл облусу:

Тынч, ээн, жымжырт. Кечинде сыртка чыгуу кооптуу. Азык-түлүк дүкөнүнүн жана айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын жанында гана жарык күйүп турат. Ит улуп жатат. Желим, резиналарды өрттөп жатышат. Эрте жатышат. Саат ондо жарыгы күйгөн терезелер дээрлик жокко эсе. Мигалкалуу машиналар экинчи айлампасын жасап жатышат. Чөп кошулуп демделген чай ичтик. Суук. Оо, кудай! Булар кантип жашашат?

Нарын облусу:

Троллейбуска түшүп алып, кечки Нарын шаарын аралап кыдыргыбыз келди. Саат жетиден кийин троллейбус паркка кетип, кайра кайткан жок. Элдердин баары кайда кетишкен? Эмнеге мынчалык тыптынч? Мында суденттер көп болушу керек эле го. Бир сааттай сейилдеп жүрүп, спорттук баштык көтөргөн эки эркек кишини көрдүк. Сейилдөө да коркунучтуудай сезилди. Эмнеден коркконумду деле түшүнгөн жокмун. Борбордук Азия университетинин имаратына чейин баары бир жете алган жокпуз. Көчөдө суук жана жайлуу эмес. Кафелер жабык.

Ош облусу:

Аябай аш жегибиз келди. Махаллаларды аралаган такси менен узак жол жүрдүк. Түнөргөн фонарлар, бузулган жолдор. Эки метрге жеткен бийик-бийик дарбазалар. Короолордун ортосунда ичке жолдор. Минотаврдын лабиринтиндей. Бийик дарбазалар ачылып салынган. Короодо машина толтура. Номурларын жаттап алдым. Эмнеге? Түркүн түстүү терезеден аялдын анткорлонгон жасалма күлкүсү угулат. Убакыт да, мейкиндик да бурмалангандай. Орто кылым дооруна түшүп кеткендей. Инквизициянын оттору, аянттагы өлүм жазасы, жапайы коркунуч. Таксист – шапкесин көзүнө түшүрө баса кийген уятсыз жаш бала экен, эптеп акча табууну көздөгөн ачкөздүгү менен түштүк борбордун ичин аралатты. Аштан ооз да тийген жокпуз.

Жалал-Абад облусу:

Жашоо канчалык оор болсо, элдери ошончолук жайдары, жылуу жүздүү болобу деп ойлоп калдым. Эскирип бүткөн чындыкты жазуу, дөңгөлөктү ойлоп табуу, Американы ачуу эле жетишпей тургандай. Биз алыстаган сайын, башыма көбүрөөк алма кулап түшүүдө. Мен объективдүү эмесмин, ар бир жаңы каарман мурунку тажрыйбаны сыртка сүрүп чыгарып, мен кичинекей кызга айланып, жаңы таасирлерди жан дүйнөм менен сүйүп, аларга берилип кетем, ооба, билем, бул кесипкөйлүккө жатпайт. Элдер орто кылымдагыдай, жан чыдагыс, оор шарттарда жашашат. Мен баары талаптагыдай болгондой, так ушундай болушу керектей эч сыр бербейм. Дасторконго колундагы эң акыркы нерсесин коюшат. Кечинде короодогу кичинекей эшиктен сыртка чыктым: карайган тоолор, сан жеткис жылдыздар, жымжырттык. Дегеле бул дүйнөдө эч качан бир да театр, бир дагы китеп дүкөнү, бир дагы университет болбогондой. Дегеле бүт аалам – бул эч бир жол түшпөгөндөй, бул кедейликтей.

Баткен облусу:

Оорукананын тегерегиндеги кечки сейилдөө. Оорукана хандыгына кире беришти таш арстандар кайтарып турушат. Бүлүнүп-кыйраган жалпы көрүнүштүн жанында арстандын сүрү да катаал көрүнөт. Жаз муз кабыкчасын алсыз муштуму менен ургулайт. Бүчүрлөр жарып, канаттуу-куштар үнүн созолонтот. Шаарга кире бериште биздин жолду арык, кыржыйган эки түлкү кесип өттү. Мен түлкү экенин шыр түшүнгөн жокмун, ит экен деп ойлодум, качан гана алар жолдун тиги бетине өткөндө “Түлкү!” деп кыйкырдым. Айдоочу менен котормочу мени, балким, акылынын адашканбы деп ойлошкондур. “Ооба-ооба! Түлкү!”- дешип менин кыйкырыгымды коштоп коюшту. Айдоочу аны айтып, артынан эстеп койду. Биз чарчадык. Алыс жолдон чарчадык. Бири-бирибизден чарчадык. Илек-илектер чыңалуусу жогору бийик устундардын чокусуна уя салып жатышат. Эч жерден мындай нерсени көргөн эмесмин. Илек-илектердин жатагын Айгүл “Куштар кондоминиумдары” деп атады. Менимче, аябай жакшы аталыш болду.

Чүй облусу:

Бишкектен болгону отуз километрдей эле алыстадык, а убакыт ийилген догоого айлангансып, бизди ойнотуп жатты. Жол жээгиндеги кафеде дубалда жалпак телевизор илинип турат, экрандан бир шайыр киши жакында ар бирибиздин үйүбүзгө кирип келе турган керемет роботтор тууралуу айтып жатат. Биздин тамагыбыз отто бышырылып жатат, кире бериште тээ байыркы замандагы кол жуугуч турат, даараткана жүз метрдей топурак жолду менен бара турган короонун артында караңгы жерде экен. Бир эркек кишинин карааны пайда болуп, жоголуп, кайра көрүнө калып жатты. Кара калың чубалгы кафеден чыгып жогорку чыңалуудагы устунга барып кошулган. Менюда шишкебек, токоч нан, чай. Терезенин жылчыгынан аркама шамал үйлөп жатты. Экрандагы эркекке НЛОго карагансып эле карап отурдук. Айлананын баары көзгө сайса көрүнгүс караңгылык.

Өзгөчө абал

Пандемия дүйнөнүн көпчүлүк шаарларынын жашоо ыргагын өзгөрттү. Бишкекте ызы-чуу азайып, кыймыл токтоп, жашоо бүтүп калгандай. Биз күтүлбөгөн жерден өз үйлөрүбүзгө камалып, өзүбүз тамак бышырып калдык, театр, клуб, кафе сыяктуу көңүл ачуучу жайлар жок, кеч киргенде көбү эмне менен алек болорун билбей кыйналышууда.

Менин жумушчу блокнотумдагы жазууларымды кайталап окугула. Алар эпидемия башталганга чейин жазылган. Кыргызстандын аймактары көптөн бери өзгөчө абалда. ӨА киргизилгенден кийин да, алардын жашоосунда эч нерсе өзгөргөн жок.

Негизги кесип

Бир нече айлардын аралыгында кичинекей айылдардагы жашоону сактап турган адамдар тууралуу айтып келдим, мугалимдер, дарыгерлер, тарбиячылар, шахтерлор, почточулар, куруучулар, мелиораторлор менен жолугуп, аларды түшүнүүгө аракет кылдым. Менин каармандарымдын жашоосунун басымдуу бөлүгү кадр сыртында калды.

—Окуучуларым кык тазалап жатканымды көрүшүн каалабайм, -- Нарын облусундагы адабият мугалими мага ушундай деди.

— Бул мен күнүнө эки саат китепканачымын, калган убакыттын баарында саанчы, дыйкан, пол жуугучмун – Баткенден алыс эмес жайгашкан кичинекей айылдагы аял өз жашоосу тууралуу айтып берди.

— Биз шахтада караңгы түнгө чейин иштейбиз. Жубайым жана кыздарым уй саайт, мал багат, биздин эки жылкыбыз бар, аларды мен карайм. Чарбачылык кылбасаң болбойт. Бул биздин куткаруучубуз, -- Ысык-Көл облусунун шахтеру моюндаган чындык.

Ар бир жаңы айылга кире берген сайын, бизди короо-короо койлор, короо-короо уйлар, жылкылардын үйүрлөрү тосуп алып жатты.

— Биз эч кимге үмүт артпайбыз, мамлекеттен эч нерсе күтпөйбүз. Малыбыз бар кезде, эртеңки күнгө ишеничибиз бар, -- Нарын облусунун койчуманы мына ушундай деди.

Ат-Башыдагы фермер аял

Ат-Башы (Бишкектен 370 км алыс) – бул Нарын облусундагы калктуу ири аймак. Анын аты орусча “голова лошади” деп которулат. Жергиликтүү жашоочулардын айтымына караганда, Ат-Башынын негизги мактанычы, көзгө урунар нерсеси – эт базары. Арзан баадагы жакшы этти (Кыргызстандагы эң мыкты эт) дүң жана чекенелеп алуу үчүн бул жакка таңкы саат беште келиш керек. Бул базарда саат тогузга чейин эт калбай калат.

Биз Ат-Башыга эт алуу үчүн келген жокпуз, жаңы материал үчүн каарман издеп жүрдүк. Базарда каармандар толтура. Күчтүү, булчуңдүү эркектер, ар экинчиси ат ойноткон чебер, укмуш баяндамачы, балбан. Бул тегеректе бир да аял киши көрүнбөйт.

Бишкектен мага Ат-Башыда эркек-фермерлердин бир аял атаандашы бар деп айтышкан. “Нарындык миллионер айым” – аны ушинтип атап алышкан деди курбу кызым. Бул табышмактуу айымдын телефон номурун да таптым. Бирок менин жадатма чалууларыма фермер кыз көңүл бурбады, телефон чакырыгына эч ким жооп берген жок.

Айылда жашырынып, бекинип жата албайсың. Жарым сааттан кийин эле биз миллионер айымдын үйүнө бара жаттык. Адаттагыдай айыл көчөлөрүндөгү бузулган жол менен шлакоблоктон тургузулган үйлөрдү аралап кетип жаттык.

  • —Бул туура дарек экенине ишенимдүүсүзбү? – деди мага кадимкидей эле айылдык үйдүн алдына токтоп жатып айдоочу.
  • — Ишенимдүүмүн, -- деп машинадан түшүп жатып калп айттым да, эч жылчыгы жок дарбазанын коңгуроосун бастым.Балким, мен да айдоочу сыяктуу эле башкача үйдү көргүм келсе керек. Бышкан кызыл кыштанбы? Жарыктандырылган шамдары мененби? Акылдуубу? Модерн стилиндегиби? Депутаттардыкындайбы? Мейли пальмасы болбосо да, фонтан, бассейни болбосо да, жок дегенде эки кабаттуу үй. “Миллионер айым” деген сөз менин кыялыма таасир этип жатты.

Дарбазаны жапалдаш бойлуу, тартынчаак кыз ачты.

  • — Сизге ким керек?
  • — Бизге Замира керек эле.
  • — Аа, ал жок. Жок. Ал тоодогу топоздордун жанында. Жок. Келбейт дагы. Жок. Ал жакта байланыш бар экендигине да күмөнүм бар. Жок. Сиздер ал жакка жете албайсыздар. Ал бийик тоодо. Жок. Макул, мен байланышууга аракет кылып көрөйүн.

Анча катуу эмес суук бети-колду чымчылайт. Жеңил кийимчен кыз үйүнө кирип кетти. Биз котормочу экөөбүз жер тепкилеп бийлеп жаттык. Котормочу Замира үйүндө эле чай ичип олтурат, жөн эле биз менен жолугушууну каалабай жатат дейт ишенимдүү. Мен өзүмдү малаховдук курама топтун тарп аңдыган жорусундай эле сездим. Жакшы деле сезим эмес.

  • — Замира интервью бере албайт, -- деди үйдөн чыгып баягы кыз.
  • — А бизге интервью керек эмес, -- дедим мен.
  • — А силерге эмне керек?
  • — Ушундай суукта эмне үчүн үйдө отура албай жатканын түшүнгүбүз келет.

Кыз дагы үйүнө кирип кетти. Бул жолкусунда ал эч жакка барбай тургандай абалда чыкты. Биз тоңуп калдык. Жер тепкилеген бий да жардам бербей калды.

— Замира силерди бир аз күтуп турсун дейт. Ал өтө узак кете элек экен. Он беш мүнөттүн ичинде кайтып келүүгө аракет кыларын айтты, -- дейт баягыдан кайраттанып калган кыз, анан биздин көгөрө баштаган түрүбүздү көрүп, үйгө кирип жылынып алууга чакырды. Бирок, биздин Замиранын кайсы жактан келерин көрүп, ушул жерде күтүп тургубуз келди. Биз чакыруудан баш тарттык. Машинада олтуруп алып, жолдон өтүп бара жаткан ар бир адамды карап отурдук. Күтүп жатабыз.

Он беш мүнөттөн кийин жанынын бардыгынча атын чапкылаган адам көрүндү. Тоо этектеринен айгырдын туяктарынан кар сапырылат, агарган таң сүрөткө назик-кызгылтым түс берип турат. Биз оозубузду ачып, бул көрүнүшкө үнсүз көз чаптырып олтурдук. Курчоого алынган үйдүн дарбазасынын алдына келип, шыр токтоду да, ат үстүндөгү киши түшө баштады, мен акыры өзүмө келдим.

— Мен интервью бербейм, -- деди кыз атын байлап жатып бир аз ороюраак. Анын жүзү кызгылтым түскө боелгон, кирза өтүк, калың шым жана пахтадан шырылган жылуу бешмант кийип алган. Ал дагы, айгыр дагы үстүлөрүнөн буу көтөрүлтүп, оор дем алыптурду. Мен болуп жаткан окуяга катып калгандай эле нес болуп карап туруп, так ушундай көз ирмемдер үчүн кайдан болбосун да барыш керек деп ойлоп жаттым.

— Сизди журналисттер капа кылышты беле? – деп сурадым.

— “Миллионер айым” деген келесоодой лакап атты беришкен. Мунун мага кереги жок! Сиңдим силерди Бишкектен келиптир деп айтты. Мен ал жолдун кандай татаал экенин билем. Ошондуктан кечирим суроо үчүн атайын ылдый түшүп келдим... Мени түшүнөсүздөр деп ойлойм.

Мен анын жүзүнөн көзүмдү ала алган жокмун, ал көзгө тике тиктеп, өтө жөнөкөй сүйлөп жатты, алдымда өтө чынчыл, сонун адам тургандыгында шек жок. Эгер ал мындан башка эч нерсе айтпаса да, ушул бир нече мүнөттүк баарлашуу үчүн баары бир мен ага ыраазы болмокмун. Башымдан ушундай ой учуп өттү.

  • — Эгер кесиптештерим сизди таарынтса, кечирип коюңуз, -- Замирага айта турганым болгону ушулар эле. “Миллионер айым” аттуу лакап атка ээ болуу ага кандай гана кыйынчылыктарды жаратканын элестетип турдум.
  • — Көптөр мени заңгыраган ак сарайда жашап, капка шыкалган акчалар менен олтурат деп ойлошот. Биздин үй-бүлөнүн байлыгы – бул күн-түн артынан калбай караш керек болгон мал-жандык – бул өтө оор жумуш, аны көпчүлүк түшүнө бербейт.

Муну Замира кечке жакын айтып жатты. Биз айылды айланып чыктык, талаа кыдырдык, анын кесиптеши – фермердин үйүндө конокто болдук, каалоо-тилектер тоосун көрдүк, жергиликтүү элдин айтымында мында Кыргызстандын ар бир президенти келип кеткен экен.

Замира сүрөткө тартпоомду суранды.

  • — Бекер кыжаалат болуп жатасыз, аябай сонун эле көрүнүп турасыз, -- дедим мен. Кандай көрүнүп турганым мага баары бир, -деди ал күлүп.
  • — Силер түшүнбөй калдыңар окшойт, мен сүрөттө кандай болуп калам деп кыжаалаттанып жаткан жокмун, болгону мага элдин көңүлүн бурдуруу керек эмес. Ал тоскоолдук гана жаратат. Мен жылдыз эмесмин да.

Замиранын окуясы айылдын жашоочуларыныкындай эле, ошол эле учурда таң каларлык дагы. Замира атасынын жолун улап, мал чарбачылыгы менен алектенет. Анын атасы топоз бакчу, анын жүздөн ашуун топозу бар болгон. Замира университетти аяктаган, ал дипломдуу адис, анын алдында бүткүл дүйнөгө жол ачылган, бирок атасына жардам керек болуп, ал үй-бүлөлүк иштин маанилүүлүгүн түшүнөт. Атасы каза болгондон кийин, жоопкерчиликти бүтүндөй мойнуна алат, анан он жылдын ичинде анын ишин алдыга жылдырган. 400 топоз, 50 кой – бул күчтүү жана өзүнө терең ишенген кыздын бүгүнкү күндөгү капиталы.

— Сенден кайсы жерде пайда көбүрөөк экендигин жана эмнени баарынан жакшы жасай аларыңды түшүнүү керек. Мен малды сезем, аларга эмне керек экендигин түшүнөм. Бул балким, бала кезден ушул чөйрөдө өскөндүгүмөндүр, атам жылкылар, койлор, топоздор менен кантип сүйлөшүп жаткандыгын көрчүмүн. Ал мени көп нерсеге үйрөттү. Менин үч кыз, төрт эркек бир тууганым бар, биз баарыбыз ар башкачабыз. Ар кимибиздин кызыгууларыбыз, жөндөмдүүлүктөрүбүз да ар түрдүү.

Замиранын он экиден ашык жардамчысы бар, жалгыз бул чарбаны башкаруу кыйын. Ар бирине айлык акы төлөйт, ар бир жардамчысынын үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта.

— Адамдар менен мамиле түзө билип, ишенимге кирүү керек. Ишеним – жашоодогу эң маанилүү нерсе.

Биз Замиранын үйүнүн дарбазасынын жанында сүйлөшүп турганча, ага ар-аркимдер – кошунасы, жардамчысы, кесиптеши келип кетти, ар бири менен жок дегенде бир-эки ооз сүйлөшүп, кээ бирлерине үйүрдү бир жактарга айдоо, кайра канчада артка айдап келүү, жанына кандай буюмдарды алуу боюнча буйрутмаларды берип жатты. Эркектердин аялга ушундай көз караш менен караарын мен буга чейин такыр көргөн эмесмин. Чексиз сый-урмат, тартынып-кысынуу, суктануу – мына алардын көз карашында катылган нерселер. Эркектердин көпчүлүгү Замирадан бир топ улуу, бирок бир караганда эле анын артыкчылыгын мойнуна алгандары көрүнүп турат.

— Эркек муну кылыш керек, аял тигини кылыш керек деген гендерлик стереотиптерге чыдай албайм! Эч ким эч кимге эч нерсе милдеттүү эмес. Эмне колуңдан келсе, ошону жаса! Үй-бүлө тууралуу түшүнүктөрдү баштан-аяк толук өзгөртүп салган досторум бар. Аялы иштиктүү, бирок үй жумуштарын жасоо колунан келбейт, жолдошу жумуш таппай жүрөт, бирок тамактыдаамдуу жасайт, пирог да бышыра алат.

Талаа аралап, Замиранын атасынын эски досунун үйүнө бара жаттык, Замиранын колундагы телефонго тынбай чалуулар келип жатты. Замира тамаша сүйлөп, өзүнүн үй-бүлөсү, айылы тууралуу айтып берип жатты, иш арасында телефондон жем тууралуу макулдашып, эттин баасын соодалашып жатты.

  • — Мен сизге Бишкектен телефон чалдым. Сиз алган жоксуз, - дедим мен.
  • — Ооба, мени миллионер айым деп атап алгандан кийин, мен бейтааныш номурларды албай калганмын.
  • — Жардам көп сурашабы?
  • — Элдерге жардам берүү – жакшы иш. Бирок, жардам берүүңдү суранбай, талап кыла баштаган мезгилде, бир аз кыжаалат болосуң. Эмгекке жарамдуу эле кишилер жыгачты кемирип жеген козу карынга айланганын көп жактыра бербейм.

Замирага мал кандай мамиле кыларын байкадым. Биз жайытка келдик, кашаада топоздор турган экен. Ал жерде элүүдөн аз эмес топоз бар болчу. Чоң, саксайган, туяк-мүйүздөрү бекем, олбурлуу жаныбарлар. Мен буларды көргөндө эле коркконумдан титиреп, калтырап кеттим. Замираны жүдөө бир топоздун абалын карап берчи деп суранышты. Бул топоздун ооруп калганын, же жөн эле чарчаганын, же маанайы жоктугун мен жакшы түшүнө албадым. Бирок Замира кашаага кирип барары менен топоздор жол ачып, анын алдына тизилип туруп калганын эч качан унутпайм.

Топоздор – жөнөкөй жаныбарлар эмес. Аларды колго үйрөтүп алуу оңой иш эмес, эч нерсени унутпаган кекчил да болушат. Анан ошол чоң жаныбар (ар бири бир нече жүз киллограм) үй мышыгындай болуп, шыйпаңдап, эркелеп, Замиранын колуна ири олбурлуу жонун тосуп туруп калганын көргөндө, өзүңдү Нарниянын коногундай эле сезет экенсиң.

Күн көз ирмемдей эле болуп өттү. Биз талааны аралап, Замиранын үйүнө кечки тамакка бара жаттык. Ал эч кандай шылтоону кабыл албасын билдирди. Жолду катар өзүнүн чакан тракторун көрсөттү. Аны узак убакытка кыялданып жүргөнүн айтты.

— Айрымдар кабриолет тууралуу кыялданса, ал эми мен болсо тракторду кыялдандым, - деп күлдү Замира.

Биз үйгө киргенче, ал кашаадагы малды карап, уйга чөп салганга жетишти. Үйдөн бизди Замиранын апасы, сиңдиси жана кичинекей жээни тосуп алды.

  • — Ал иштегенди үйрөнүшүн аябай каалайм, -дейт Замира жээнин карап. – Мал-жанды караганды үйрөнсө, аларды сыйласа дейм. Ал али бешке да чыга элек, бирок уйга канча чөп салуу керектигин билет.
  • — Замира, сиз кадимки фермер эмессиз да, жогорку билимиңиз, программисттин диплому бар. Ушул чарбанын баарын таштап, шаарга кетип калуу жөнүндө ой пайда болбойбу?
  • — Ар түрдүү кыял-тилектер боло берет. Эртең эмне болорун билбейбиз, көрөбүз да. Бирок, шаарга кетүү оюм жок, муну так билем.
  • — А кандай тилегиңиз бар?
  • — Кээде жөн эле китеп окуп жаткым келет.
  • — Жакшы көргөн китебиңиз кайсы?
  • — Мартин Иден. Аябай жакшы көрөм.
  • — А аны эмне үчүн жакшы көрөсүз?
  • - Башкы каарманы үчүн. Идеалист. Мээнеткеч. Мен өзүмдү ага окшоштой сезем.