• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Гүлзат Мамытбек Атамбаевдин англис тил мугалими болгонбу?

27 Жалган куран 2018 17:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.03.2018.Govori.TV

Өзүн «кыргыздын жаңы деми» деп атаган, акыркы жумаларда интернетте топ жарган Гүлзат Мамытбек экс-президент Алмазбек Атамбаевдин англис тил мугалими болгону айтылууда. Гүлзат Мамытбек «High Time» мектебинин негиздөөчүсү катары белгилүү.

Гүлзат Мамытбек экс-президентке англис тилди үйрөткөн ыкмалары, англис тилин үйрөнүүдөгү кеңештери тууралуу «Ынтымак» телеканалы интервью алганын инстаграмдагы баракчасына жарыялаган.

«Ал эми Ынтымак телеканалынын сайтында экс-президент Алмазбек Атамбаевди англисче сүйлөткөн тилчинин ыкмалары» деген маалымат чыгып, бирок, учурда өчүрүлүп салынды.

Учурда ал маалыматка кирүү үчүн шилтемени бассаңыз 404 баракча жок деген жазууну көрөсүз.

Эске салсак, Кыргызстан интернет айдыңын бир канча жумадан бери жарып жаткан Гүлзат Мамытбек саентология чиркөөсүнүн мүчөсү экени белгилүү болгон. «Турагой, кыргызым. Алтыным» деген сөздөрү менен белгилүү болгон Гүлзат Мамытбектин америкалык жазуучу Рон Хаббард негиздеген саентология чиркөөсүнүн мүчөсү экенин интеренет колдонуучулар инстаграмдагы сүрөттөрү аркылуу аныктап чыгышкан. Ал сүрөттөрдө Гүлзат Мамытбек чиркөөдөн алган сертификаттары менен түшкөнүн Кактус медиа жазган. Гүлзат Мамытбек өзүн саентолог-мусулман экенин билдирди.

Саентологиянын ишмердүүлүгүнө-Россия, Казакстан жана бир катар Европа өлкөлөрүндө тыюу салынган.

Количество просмотров: 8