• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Хабиб! Бишкектиктер пайгамбар тирилип келгендей тосуп алган ким?

24 Үчтүн айы 2018 12:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.01.2018.Govori.TV

23-январда Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келип, аны «Манас» эл аралык аэропортунан күйөрмандар жана башка жетекчилер тосуп алды. Бүгүн 24-январда Бишкек шаарындагы «Аю Гранд Комфорт» соода борборунда маалымат жыйыны өттү.

Хабиб

Опубликовано Сүйүн Откеев Вторник, 23 января 2018 г.

Мушкер 24-январда шаардагы соода борборлордун биринде кыргызстандык күйөрмандары менен жолугуп, журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Нурмагомедов КРдин Улуттук олимпиада комитети тарабынан чакырылган.

Хабиб Нурмагомедов 1988-жылы 20-сентябрда Россия Федерациясындагы Дагестан республикасынын Сильди айылында туулган. Улуту — авар. Атасы Абдулманап Нурмагомедов эркин күрөш жана самбо боюнча Украинанын чемпиону. Атасынын агасы күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиону. Таякеси эркин күрөш боюнча спорт чебери. Хабиб иниси менен беш жашынан тарта атасынын колунда машыга баштаган.

2012-жылы дүйнөдөгү беделдүү делген америкалык UFC уюмунда тушоосун кесип, биринчи беттешинде эле атаандашын жер каратып койгон. «Мен анда 23 гана жашта элем, көбү UFCни кол жеткис деп айтышат. Жеңиш мага чоң дем берди. Октагонго чыгууну чыдамсыздык менен күтүп калдым» деп эстейт мушкер жагымдуу учурун.

Дүйнөлүк Sherdogg порталынын маалыматы боюнча 25 жолу профессоналдуу беттеште утуп, бир дагы ирет утулуп же тең чыгып көргөн эмес. 25 беттештин тогузун атактуу делген UFC уюмунда өткөргөн.

2016 — «EAGLES MMA» спорттук клубун негиздеген. Баса, анын спорттогу каймана аты да Eagle («Бүркүт» — ред.).

Хабиб Нурмагомедовдун маалымат жыйыны. Түз алып берүүРоссиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов Бишкекке кечээ, 23-январь күнү келген.

Опубликовано Sputnik Кыргызстан: Окуялар менен күндүн жаңылыктары Вторник, 23 января 2018 г.

 

Количество просмотров: 10