• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ИИМ редактор Болот Темировдун сабалышына байланыштуу расмий маалымат таратты

9 Үчтүн айы 2020 16:50 Бишкек Govori.TV

Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров ур-токмокко алынышы боюнча Бишкек шаардык ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө, издөө иш чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди

«Factcheck.kg интернет сайтынын башкы редактору Болота Темировго карата жасалган кылмыштын бетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иш чаралары ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө жана тиешелүү кызматтарга кылмыш бетин ачуу багытында тапшырмалар берилди», -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн  саат 12:45 дер чамасында  Эркиндик жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен Factcheck.kg интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго белгисиз жарандар кол салып, күч колдонуу менен сабап телефонун алып качып кетишкен.

Количество просмотров: 76