Бүгүн, 28-сентябрда саат 15:00дө Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча сот отуруму уланат.
21-сентябрдагы жараянда мамлекеттик айыптоочу соттон журналистти күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратууну жана сот залында камакка алуу өтүнүчүн келтирген.
Иликтөөчү журналист Болот Темировго төрт кылмыш иши козголгон: документ жасоо, жасалма документ колдонуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, баңгизат даярдоо. Бирок журналист бул аракетти кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет.