• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

“Инфокомдун” жетекчисинин айлык маянасы 240 миң сом

12 Кулжа 2018 17:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12. 06. 2018. Govori.TV

“Инфоком” ишканасынын деректиринин айлык маянасы 240 миң сом, операторлордуку 150 миң сомго чейин барат”. Бул маалымат бүгүн ЖКнын мыйзамдуулук, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда айтылды.

Анда депутаттар аталган ишкананын башчысы Талант Абдуллаевдин кызматтан кетирүүнү Өкмөт башчы кечиктирип жатканын, ишкана өлкө бюджетине чыгым алып келип жатканын, ошону менен бирге эле жарандарга паспорт берүүнү баасын негизсиз жогорулатышканын билдиришти.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 11-апрелинде аталган комитет “Инфоком” ишканасы жарак-жабдыктарды сатып алууда мыйзам бузууларга барып, мамлекеттин казынасына олуттуу зыян алып келгендиги үчүн Т. Абдуллаевди кызматтан алуу чечимин чыгарган.

Количество просмотров: 14