• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ишенимдүү булак: Догоев курмандык болуп калды

15 Бирдин айы 2018 12:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.02.2018.Govori.TV
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоевдин кызматтан кетиши күдүк ойлорду жаратууда. Бул кызматка келгенине көп болбогон, ишине олуттуу сын айтыла элек жаш жетекчинин кызматтан күтүүсүз кетүүсүнө эмне себеп болду деген суроо койгондор көп.
Биздин маалымат агенттикке Мамлекеттик каттоо кызматындагы ишенимдүү булактардан билдиришкендей Дастан Догоев курмандыкка чалынып калды.
«Жакшынакай эле иштеп жаткан адам үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу деп арыз жазып кетип калбайт да. Жумуштан кете турган эч себеп болгон эмес. Болсо 120 депутаттын бири кыйкырып чыкмак да буга чейин. Дастан Догоевдин орду керек болуп калды. -«Өзүң кет»,-деген ишарат кылышты. Кетпесе кара пиар жүрүп кызматтан алынмак. Мамлекеттик каттоо кызматы учурда абдан маанилүү орган. Шайлоолорго түз байланышы бар. Аны өкмөт да депутаттар да башка саясатчылар да билип турат»,-деди ишенимдүү булак.
Govori.TVнын кабарчылары Дастан Догоевдин кызматынан кетүү себебин сурап кайрылганда ал, “менин башка пландарым бар, билимимди жогорулатып, өзүмдү башка тармактарда сыноого аракет кылам. Албетте, биздин команда абдан чоң долбоорлорду ишке ашырдык, биометрикалык шайлоо системасын киргизүү, документтерди электрондоштуруу,биометрикалык паспортту киргизүү сыяктуу кадамдарыбыз иш жүзүндө өзүн актап, биздин ишибиздин натыйжалуулугун көрсөттү.  Мен мага ишеним көрсөткөн өлкө жетекчилерине ыраазычылык билдирем, азыр жашмын, келечек алдыда, дагы кызмат кылабыз”,-деп сылык жооп кайтарган.
Количество просмотров: 21