• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Искендер Гайпкулов Жогорку Кеңештин депутаты болду

15 Бештин айы 2017 16:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.12.2017. Govori.TV.

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын Искендер Гаипкуловго тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Эсептөө палатасынын мурдагы төрагасы Искендер Гаипкуловго БШК бүгүн мандат тапшырды. Ал “Ата Мекен” партиясы акрылуу Жогорку Кеңешке келди. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо талапкерлердин тизмесинде 15 орунда турган.

Эскерте кетсек, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, БШКнын чечими менен мандатынан айрылган.

БШК Текебаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин токтоткон. Бирок Текебаевдин жактоочулары Жогорку Сотко кайрылгандыктан мандатын кийинки талапкерге берүү процедурасы токтотулуп турган. Жогорку Сот да райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Ал өкүм кече күнү түшкөн. 15 декабрда, БШК Текебаевдин депутаттык мандатын тизме боюнча кийинки талапкер Гаипкуловго берди.

Количество просмотров: 4