• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы. Президент менен Бабановдун ишенгени бир адам… Кулматов куру сүйүндүргөндө… Батыралиев “тез жардам” менен кетеби?

14 Бирдин айы 2018 17:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2018. Govori.TV

Адатта айрымдар саясаттан кеп урганда  “бу, бийликтин жогорку эшалонуна бир илинип алсаң эле болду, өмүр бою жолдо калбай, бирде  арткы вагондо, бир алдыңкы вагондо жүрө бересиң” деп айтып калышчу. Көрсө, бул сөздүн турмушта өз орду бар экен. Айталы, буга чейин Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясынан Жогорку Кеңеште депутат болуп, партлидерге ашкере “арзуу” менен мамиле жасаган, айрымдар “Бабановдун эң ишенимдүү, аны эч убакта сатпаган адамдарынын бири” катары сыпаттаган Курманбек Дыйканбаев деген мырза бар эле.

Мына ошол жигит бүгүн Жогорку Кеңешке кайрадан кайтып келди. Бул жолу ал депутат катары эмес, КРнын президенти Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги өкүлү катары кайтып келди. Кандайча? Кечээ эле ал Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду жандап жүрүп, бүгүн Президенттин ишенимине кантип кирди? Кептин тузу ушул жерде жатат.

Көрсө, ал азыркы бийликке абдан чоң эмгек сиңириптир. 2017-жылдагы шайлоо учурунда Өмүрбек Бабновдон ат тизгинин шарт буруп, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабына барып түшкөн тура. Шайлоодо Көл калаасы боюнча активдүү тарапташ катары эмгек сиңирип, жөн эле добуш алып бербестен, өз добушун да бийик чыгарган экен. Мисалы, мурдагы үзөңгүлөшң Өмңрбек Бабановдун шайлоо өнөктүгү учурундагы кадамдарын сындап, “Мамлекеттик бийликти басып алууга болгон аракеттин башында Өмүрбек Бабанов турат, мен буга бөркүмдөй ишенем” деп ММКларга бакылдаган экен. Мына ошонун үзүрүн эми көрө турган болду.

Анын үстүнө, КСДП партиясынын, асыресе Сооронбай Жээнбековдун көлдө позициясы анчалык бекем эмес болчу. Ошондон улам аймактык балансты эске алып, кадрдык саясатты туура алып жүрүү жараянында Курманбек Дыйканбаевдин жылдызы “жарк” этип жана түштү.  Кокус, келечекте, Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келип, келгенде да бийлик башына барып калса, бул жигит анда деле четте калбаса керек. “Бактылуу менен басташпа” дейт эмеспи, кыргыз…

Кулматовду көп мактабай туралыбы?

Жыл башында Бишкек ТЭЦинде авария болуп, жол кырсыктары арбып, коомчулуктун да, Өкмөттүн маанайы суз болуп турган маалда КРнын Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов жакшы жаңылыктар менен бир сүйүнттү эле. Анда ал “2018-жылдын январында 2,8 миллиард сомдон ашык каражат чогулду. Бул пландалгандан 907,3 миллион сомго көп.  Бажы кызматынын маалыматы боюнча бир ай мурда Борбордук бажыдан күнүнө 30 миллион сом акча түшсө, учурда ал эки эсеге көбөйгөн. Ош бажысынан түшкөн каражаттардын көлөмү он эсеге өскөн. Аталган бажы буга чейин 1,5-2 миллион сом чогулса, учурда күн сайын 15 миллион сом түшүүдө”,-деп билдирген эле.

Мындай кабарды укканда кайран элдин көзүнө жаш тегеренип, Өкмөт башчынын да маңдайы жарыла сүйүнгөн. “Жасаса болот турбайбы!?”, “Иштесе болот турбайбы?!”, “Ууруларды тыйса болот турбайбы?!” деп эле кол чапкан кишилер. жыл аягына чейин ушул темпте өсүш болуп турса, бюджет толукталып, пенсия, жөлөк пулдар өз убагында түшүп, мектептер салынып, жашоо оңолот экен  деп калганбыз.

Бирок, ошол маалда эле айрымдар башын чайкап, бул жерде бир сыр болушу мүмкүн дешкен. Ошондой эле болду. Бүгүн Жогорку Кеңеште бажы башчы Кулматов январдагы ийгиликтин сырлары былтыркы казак-кыргыз чек арасындагы тосмонун жаңы ачылышы жана Кытайдагы жаңы жыл майрамынын алдындагы сооданын кызый түшүшү менен байланыштырды. Демек, кийинки айларда мындай саатына, күнүнө жакшы жагына өскөн сандар болбой, жылдагы эле темп менен жылжып калат окшойбуз.

Тетиги жок “тез жардам” Батыралиевдин отставкасын тездетеби?

“Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев баасы 1,18 миллион еврого алынып келинген, техникалык шарттарга тендердеги талаптарга туура келбеген 18 тез жардам унаасы үчүн жооп бериши керек. Президент коррупцияга каршы күрөштүн ушундан баштасын!”

Мындай пикирлер социалдык тармактарда жаап, көпчүлүк жарандар бул үчүн министр кызматынан кетиш керек деп эсептешет.  Анткени, айрым ММКлар жазып чыккандай Германиянын Өнүктүрүү банкы аркылуу алынып келинген 15 даана тез жардам унаалары ишке  жараксыз болуп чыгып, былтыркы жылдын аягынан бери токтоп турат.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги болсо бул унаалар Германия Өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен  2017-жылдын 8-ноябрында Dutch Health немис компаниясынан алынып Кыргызстанга келгенин, бирок, “Хундай Портер”, “Тойота Хайс”, “Тойота Хайлюкс” унааларын өткөрүп алууда алардын тендердеги талаптарга жооп бербегени аныкталганын айтат.  “Унаалардын айрымдары талаптан узун болсо, кээ бири жапыз, кээ бирининин ичинде медициналык жабдыктары жок болуп чыгып, бул боюнча пртокол түзүлгөн. Бул боюнча унааларды алып келүүчү  «Аква Медтек» компаниясына жана Германия Өнүктүрүү банкына кат жолдонуп, талаптар аткарылмайын унааларды ишке берүүгө мыйзам жол бербеси айтылган. Келишим боюнча алар, качан унааларды толук жабдып, талапка жооп берген абалга келтиргенде гана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнө ишке чегерилет”,-дейт министрликтин маалымат кызматы.

Ооба, министрликтин билдирүүсүндө белгилүү болгондой, келишим боюнча тендерден уткан компания талаптарга туура келген шарттагы тез жардам унааларын 2017-жылдын жай айларында эле алып келип, өткөрүп берүүгө тийиш эле. Бул жерде унааны алып келүүчү чет элдик компаниялар унааларды медициналык жабдыктар менен жабдуу Дубайда жасалаарын, ал жакта ар кандай кезек күтүүлөр болуп жатканын айтып, дээрлик жарым жыл кечиктиргени маалым. Мындайда министрлик келишимди бузуп, каражатты кайтарып алуунун жолун издегени да оң болмок. Анын үстүнө зарыктырып күттүргөн техникалар Кыргызстанга келгенге чейин анын узун-туурасы, бийик-жапызы, керектүү жабдыктарынын бары-жогу тууралуу текшерүү жасап, ошол жактан эле оңдоп түздөсө болмок. Бул жагынан алганда министр катары Талант Батыралиевдин жоопкерчиликтен качканы жакшы эмес…

 

Количество просмотров: 35