• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы… “Акылдуу шаар”-жакшы шаар эле… Президент Өкмөттү «өчүрдү»… Албектин “Акылдуу шоопур” долбоору

14 Жалган куран 2018 20:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14. 03. 2018. Govori.TV
Бүгүн, Өкмөт “Акылдуу шаар” долбоору боюнча кытайлык “Хуавей” баштаган инвесторлор менен түзүлгөн келишимди өзү бузуп, чыгып кеткени маалым болду. Муну Өкмөттүн маалымат кызматы өзү сыймыктануу менен жарыя кылып, анда инвесторлор  тагылган милдеттенмелерди мөөнөтүндө аткарбагандыгы үчүн жана долбоорду ишке ашыруу боюнча техникалык-экономикалык негиздеме(ТЭО) сапатсыз даярдалганы себеп болгонун айтып чыкты.
“-Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөгөнбүз. Бирок теңата инвесторлор долбоорду ишке ашырууну создуктуруп, ал эми биздин жарандардын жолдогу коопсуздугун камсыз кылуу татаал бойдон кала бергендигине байланыштуу бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик, — деди Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Эсен Момункулов.
Ошону менен Сапар Исаков адаттагыдай эле ийгиликсиз аяктаган долбоорлордун автору катары тарыхта кала тургандай болуп калды. Анткени, ал «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык «Huawei Technologies» компаниясы менен эки ай мурда келишимге макулдук берип, жалпысынан 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки шаарга жана үч кан жолго көзөмөл камералары орнотуларын өтө салтанаттуу белгилеп жаткан болчу.
Ал мурдагы “Нарын ГЭСтерин чехиялык “Лигласс” компаниясы куруп бере калмай болду” деп шымаланып, бирок, аягында, алар эл аралык афералык компания болуп чыккандан кийин, шаабайы сууп отуруп калган. Кийин, өзү Президенттин эл аралык байланыштар жана сырткы саясат бөлүмүн жетектеп турганда кытайлык ТВЕА компаниясын ТЭЦти модернизация кылууга тартып келип, анын аягындагы чоң чуу азыр кулак жарып турат.
Ушундан улам, учурда жаш, тажрыйбалуу, харизмалуу делген Сапар Исаковдон кыргыз элинин көңүлү үч көчкөн журттай калып, Өкмөткө болгон ишеним ирип калганын ачык айтуубуз керек. Эгер, чындап эле Сапар Жумакадыровичте тырмактай жигиттик сапат калган болсо курун мойнуна салып, “айланайын, атпай журт, аракетимди кылдым болбоду, кайра-кайра баштаган долбоорлорум ара жолдо калып, мен алдыңарда уят болдум. Атамдан калган кызмат эмес, мен ордумду сиздер ишенген, менден да мыкты иштей ала турган адамга бошотуп берейин”,-деп кызматтан кетүү арызын жазуу гана калды. Башкача кандай болушу мүмкүн?!
Өкмөт башчынын командасы мындайда эч кандай кызарбай туруп эле, “мамлекет мындан каржылык чыгым тарткан жок” дегенди жадыбалдай жат айтчу болду. Болуптур, карыз болбосун, бюджеттен чыгым кетпесин, бирок, мамлекеттин эл аралык саясаттагы, бизнестеги аброюна көлөкө түшүп жатканын, кайрадан эл аралык донорлор менен инвесторлордун ишенимине кирүү деген кандай мүшкүл экенин, булар билбейби? Сапар Жумакадыровдун жанындагы 12 кеңешчилери, океандын аркы бетинен бүтүп, берки бетинен иштеп келген адис аткошчулар билбейби?  Мисалы, кечээ Дубайга бир короо киши менен учуп барып, Дубайдын полициясы менен онлайн-көзөмөлдөгү коопсуз шаардын системасы менен таанышып келди эле. Бул сапарга кеткен чыгымды арабдар төлөп бергенин уккан эмеспиз. Же андай чыгымдар Өкмөттүн көзүнө сарычолок тыйын эле болуп көрүнөбү?!
Президент “полицияңды кой, үкө” деп койду…
“Өлгөндүн үстүнө көмгөн” дегендей, тигинтип бир жагынан Сапар Исаков “Акылдуу шаар” деген папкасын ары-бери ыргытып, шаабайы сууп турган чакта сол жагынан дагы бир орто салмак “сокку” алды окшойт.
Дегенибиз, Коопсуздук Кеңешине жаңы дайындалган жетекчи Дамир Сагынбаев  маалымат жыйынын өткөрүп, анда ал “милицияны полицияга айлантуунун зарылдыгын азыр айтуу кыйын. Бул үчүн канча каражат кетерин эсептеп чыгып, бюджетке чегерүү керек” деп, сапар Исаковдун милицияны полиция кылам деген жалындуу демилгесин тушап койду. Ооба, бүгүнкү күндө УКМК, Башкы Прокуратура, министрлер кабинети, жада калса сот бийлиги да Сооронбай Жээнбековго караганда Өкмөт башчыга тиешелүү болуп турат. бул былтыркы Конституциялык реформанын мол жемиши болчу. Ошондуктан, Президент азыр өзүнүн аппаратынан башка жалгыз ушул органга-Коопсуздук Кеңешине таянып, үнүн ошол аркылуу угузуп, позициясын ушул кеңеш аркылуу гана жылдыра алат. Ошондуктан, дамир Сагынбаевдин оозунан чыккан сөздү Президент менен кеңешилген кеп катары кабылдоого аргасызбыз.
Бир карасаң, чындыгында эле Сапар Исаковдун милицияны полиция кылып өзгөртөм дегени реформага жатпай турган, майда, маанисиз аракет болчу. Атын өзгөрткөн менен заты мурдагыдай эле кала берээри, милициянын формасын өзгөрткөн менен системадагы ишмердик мурдагыдай эле жүрө берээри бештен белгилүү болчу. “Полициялар көчөнү камералар менен эле көзөмөлдөп калат” деп кыялданып жаткан чакта милициянын жыртык өтүк менен жүргөн реалийи  Сапар Исаковдун ккырк кадамга баткан кыялдарына коошпой турган…
Коомдук транспорт эмес, айдоочунун көйнөгү жаңыланат
Өкмөт башчынын орун басары Аскарбек Шадиев шамал айдап келе жаткандай шашкалактап, “күзүндө Бишкек шаарындагы кичи маршруттук таксилер алынат, коомдук ири транспорттор киргизилет” деп Жогорку Кеңеште балп эткен. “Тилиң тишиңе күбө” деп тиштенген далай депутаттар Асарбек Шадиев менен Албек Ибраимов жок дегенде кеңешип алды бекен деп күдүктөнө кала беришкен. Көрсө алар шекшингендей эле бар экен.
Азыр коомдук транспортту алмаштырып, маршруттук каттамдагы кичи автобустардан Бишкектин көчөлөрүн бошотуу планынын кулагы да көрүнбөй туру. Албек Ибраимов болсо “Акылдуу шоопур”  долбоорун, тактап айтканда, азырынча ошол маршруттук каттамдагы унааларды эмес, унаа айдагандардын сырткы формасын араң жаңылап турууга киришти. Кызык, айдоочулар ак көйнөкчөн болобу же көк көйнөкчөн болобу, шаар жүргүнчүлөрү үчүн айырмасы канчалык?
Же  мэриянын жаңы атайын формаларын кийгенде эле айдоочулар акылдуу шоопурга айланып, жолду каалагандай кесип айдабай, адыраңдап светафор сары, кызыл күйүп жатканда өтпөй,  телефону менен рулда бара жатканда сүйлөшпөй, жүргүнчүлөрдү кой жүктөгөндөй шыкап салбай, зыңгырап эле “сиз-бизге” өтүп, чыга келишеби?
Количество просмотров: 55