• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Темиров акталды. Парламент Кумтөр алтынынын изине түшөт

28 Аяк оона 2022 20:01 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИ ДЕПУТАТТАРДЫ ТАЛАШТЫРДЫ

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселе кайрадан депутаттардын талкуусуна алынды.  Жыйын учурунда ЖК депутаты Султанбай Айжигитов фракциянын мөөнөтүн сурап, кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча маалымат берди. Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган протоколдорду жокко чыгаруу керек деп эсептей турганын, соңку жылдардагы протоколдор тажик тараптын басымы жана коркутуулары менен кабыл алынгандыгын айтты.

Айжигитов трибунада сүйлөй баштаганда айрым эл өкүлдөрү анын сөзүн бөлүп, депутат Айбек Мааткеримов чек ара маселелери жабык каралышы керектигин белгиледи. Бирок Султанбай Айжигитов жасай турган билдирүүсүндө чек ара боюнча эч кандай купуя сыр жок экенин айтса, айрым эл өкүлдөрү чек арасындагы жагдай ачык айтылуусу керектигин билдирип каршы чыгышты.

Кесиптешинен соң трибунага чыгып сөз сүйлөгөн депутат Мирлан Самыйкожо соңку кездери парламенттин кудайлары көбөйүп, аларды басмырлоо аракети орун алып жатканын айтты.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын төрагасы, депутаты Адахан Мадумаров коопсуздук кызматынын жетекчиси эки жашик автомат көтөрүп парламентке келгенин билдирип, муну жапайычылык деп атады. Депутат өз сөзүндө кыргыз-өзбек чек ара маселесин көтөрүп маалымат талап кылды.

Жыйынтыгында бүгүнкү жыйын төрага Талант Мамытовдун жеке суранычы менен өткөн аптада чек ара чырынан улам Баткен облусуна барып келген депутаттардын маалыматын угуу жабык эшик артында уланды.

Эске салсак, 25-сентябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов эки тараптан чек арадагы төрттөн постту алууну макулдашкан. Ташиев чек арадагы постторду алуу чыр-чатактарды болтурбоо максатын көздөй турганын, ал өлкө коопсуздугуна эч кандай коркунуч туудурбай турганын билдирген.

БАТКЕНДИКТЕР ӨКМӨТКӨ НААРАЗЫ

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам качып келген, Баткен облусунун тургундарын, кайрадан өз турагына 3 күндүн ичинде акысыз жеткирүү убадаланган. А бирок, айтылгандан кийин бир жолу гана 17 бус жөнөтүлгөн. Бүгүн дагы саат 8:00 дө спорт сарайына келип турууну айткан. Анкен менен саат 14:00 болсо дагы бир дагы унаа чыгарыла элек. Мындай жагдайга качып келген жарандар нааразы болууда.

Ал эми уюштуруу иштерин аркалаган бишкек шаардык мэриянын кызматкери, такталбаган маалыматтар аркылуу эрте мененки саат 8ге топтолуп алышыптыр. Негизи саат 13:00дө чыгаруу пландалганын айтты.

“КУМТӨРДҮ” ДЕПУТАТТАР ИЛИКТЕЙТ

Парламентте «Кумтөр голд компани» ишканасынын айланасындагы чууну иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирди. Комиссия бир жарым айдын аралыгында маселени изилдеп чыгып, парламентке маалымат берет.

Бейлигей кетсек, Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынын төрагасы, депутат Нурлан Шакиев Кумтөрдөн алтынын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган.

Белгилей кетсек, Кумтөрдөн казылган 19,2 тонна алтындын аты аталбаган өлкөлөргө сатылышы тууралуу чуу чыккан.

Ал эми «Кумтөр голд компани» ишканасынын директору ТеңизБөлтүрүк кызматтан четтетилген. Башкы прокуратура компанияда коррупциялык схема түзүлүп мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.  13-сентябрда Бөлтүрүк «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу камалган.

ПРЕЗИДЕНТТИН ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ӨКҮЛҮ ДАЙЫНДАЛДЫ

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Иманбетов буга чейин финансы министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Бүгүн, 28-сентябрда президенттин дагы бир Жарлыгына ылайык Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган

Эске салсак, 27-сентябрда Сулайманов кызматтан кетип жатканын жарыялап, жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткенин, мындан улам убакытты текке кетирбөөнү чечкенин жар салган.

БАЛЫКЧЫ МЭРИ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Балыкчы шаарынын мэри табылбай жатканын айтып чыкты.

Көп өтпөй президенттин басма сөз кызматы маалымат таратып, Балыкчынын мэри кызматтан алынганын кабарлады. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри болуп быйыл июлда дайындалган. Ал ага чейин «Манас» эла аралык аэропортун жетектеген.

 ТЕМИРОВ АКТАЛДЫ

Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши каралып, сот журналистти жарым жартылай актады. Иликтөөчү журналист мындай чечим күтүүсүз болгонун белгилеп, жарандык коомдун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирүү менен сотторго кичине болсо дагы ишеним пайда болгонун билдирди. Сот имаратынын алдына жарандык коомдун өкүлдөрү чогулуп, акыйкат чечим талап кылып турушту.

Количество просмотров: 344