K-News: Асылбек уулу Дамирбектин казак жарандыгы болгон
K-News: Асылбек уулу Дамирбектин казак жарандыгы болгон
21 Бирдин айы 2018 17:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.02.2018.Govori.TV
Алматыда кармалган кыргыз депутаты Асылбек уулу Дамирбектин кыргы-казак эки паспорту болгон. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз кабарлады деп жазды K-News.
Маалыматтарга караганда Кыргызстандын кулуну казак жарандыгын 2010-жылы 7-апрелден кийин алган.
«Казак бийлиги Асылбек уулу Дамирбекти өз жараны катары соттой алат»,-деген өздүк булак.
Эске салсак, 16-февралда Казакстанда аткезчиликке каршы ири операция өткөн. Анда 35 адам кармалып, алардын үчөө кыргыз жарандары экени белгилүү болгон.