• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кабулдагы теракттан 100дөн ашык киши өлгөнү кабарланды

28 Үчтүн айы 2018 0:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.01.18.Govori.TV

Кабулдун эл жыш жайгашкан районунда жанкечтинин жарылуусунан каза тапкандардын саны 95ке, жарадарлардын саны 158ге жетти.

Өкмөттүк медиа борбордун директору Баряли Хилали ооруканага жеткирилген жарадарлардын акыбалы оор болгондуктан курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.

Кабул полициясынын жетекчиси Хакнаваз Хакияр жарылуудан жабыркагандар ооруканаларга тынбай жеткирилип жатканын айтты.

“Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Забихуллах Мужахид жарылууну акыркы мезгилде ооган баш калаасына калаба уюштуруп жаткан куралчан топтор ишке ашырды деп жооп берген.

Жанкечти Тез жардам унаасы менен бир нече көзөмөл пункттардан өтүп барып жарылган. Социалдык медиадагы сүрөттөрдөн Кабулдун үстүндөгү коюу кара түтүндү көрсө болот.

Бул калаба өткөн жумада «Интерконтиненталь» мейманканасында кеминде 25 кишинин өмүрүн алган кол салуудан кийинки ири теракт болуп калды. 27-январь күнү Гилменд провинциясында жанкечти автоунааны жардырып жибергенде алты адам жарадар болгон.

Количество просмотров: 5