• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Спортчу Канат Бегалиев айткан сөзү үчүн Кыргыз элинен кечирим сурады

22 Жалган куран 2018 14:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03. 2018. Govori.TV

Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, балбан Канат Бегалиев ал жерде сүйлөп жатып, кубанганынан эмоцияга алдырып, туура эмес сүйлөп алганын айтып,  жалпы Кыргыз элинен кечирим сурады.
«Кечээ күнү баарыбыз кызыктуу беттешке күбө болдук. Анда күчтүү команда жеңишке жетти. Мени аксакалдар атайын «Ынтымак» командасын куттуктоо үчүн чакырышкан эле. Ал жерде сүйлөп жатып, кубанганымдан эмоцияга алдырып, туура эмес сүйлөп алдым. Мен Кыргыздын ар бир мырзасы намыскөй экенин билем. Ар бир аймактан белгилүү, намыска жараган спортчулар чыккан. Ошол себептен жалпы Кыргыз элинен кечирим сурайм жана менин сөзүмдү жаман жакка буруп, ортодон туура эмес пикир жаратып жаткандардын сөздөрүнө ишенбөөнү өтүнөм», деди Бегалиев.
Белгилей кетсек,  21-мартта Бишкектеги «Аккула» ат майданында Нооруз майрамына карата өткөн көк бөрү боюнча мелдеште жеңишке жеткен Таластын «Ынтымак» командасын Бегалиев куттуктап жатканын көрүүгө болот. Анда ал: «Бул күн — тарыхта кала турган күн. Бүгүн кимдин ким экени билинди. Мен айтар элем спорт менен намысты Талас облусунан эч ким талашпай эле койсун», — деген.

Булак: Super.kg

Количество просмотров: 24