Мындай пикирин коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Журналист Болот Темировго карата болуп жаткан зомбулук президент Садыр Жапаров өзү айтып жаткан максаттарга, ал жасайм деген иштерге жана анын жеке аброюна каршы жасалган диверсия. Муну башкача түшүнүү мүмкүн эмес» — деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн кечки саат 19:15тер чамасында Temirov LIVE каналынын кеңсесине беткап кийген укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирип келген. Алар тинтүү жүргүзүп, иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишти.