Бишкек. 03.07. 2018. Govori.TV
Каржылык чалгындоо кызматынын башчысы Айбек Кадыралиев кызматынан кетти. бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.
Анда белгилүү болгондой, ал өз арызынын негизинде кызматынан бошоп, буйрукка Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Ошону менен бул бүгүнкү күндөгү экинчи кадрдык өзгөрүү болуп калды. Таң эрте Ош мэри Айтмамат Кадырбаев кызматынан бошоп Өкмөт алдындагы энергетика, өндүрүш, жер казынасын пайдалануу комитететинин башчысына орун басар болуп дайындалган.