• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстан: Актөбөдө автобус 52 жүргүнчүсү менен өрттөнүп кетти

18 Үчтүн айы 2018 13:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.01.2018. Govori.TV

Казакстандын Актөбө облусунун Иргиз районунда автобус 52 жүргүнчүсү менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу казак ЖМКалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, салондо 55 жүргүнчү менен эки айдоочу болгон. Автобустан чыгып кетүүгө үлгүргөн беш адамга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Калган 52 адам ошол жерден көз жумган.

Ал эми Актөбө облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинен кабарлашкандай, каза болгондордун бардыгы Өзбекстандын жарандары болгон.

Аталган департаментте учурда оперативдик штаб менен тынымсыз байланыш линиясы ачылды: +7 7132 56-29-62, +7 7132 56-68-85.

Окуя Самара — Шымкент унаа жолунун 1068-чакырымында, Калыбай айылынан 10 чакырым алыстыкта болгон. «Икарус» үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнгөн.

Количество просмотров: 12