• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстанда дин аалымдары  аш тойлордо ысырапчылыкты токтотту, кыргыздар үлгү алабызбы?

15 Үчтүн айы 2018 10:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.18 Govori.TV

Казакстандын түндүк аймактарында имамдар аш тойлордо, маркумдардын зыйнатында орун алган ысырапкорчулукту токтотуу демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу CA-NEWS (KZ) сайты жазып чыкты.

Белгилүү болгондой дин кызматкерлери мындай чечимин  Петропавлоскийдеги “Кызыл Жар” мечитинде болгон отрумунда кабыл алышкан

Имамдардын мындай демилгеси ислам дининдеги шарияттарга туура келбеген  ысырапкорчулукка бөгөт коюп, маркумадардын үй бүлөсүнө кичине болсо матералдык жактан жеңилдиктер берилет деп эсепетешет. Мындай чечими менен дин аалымдары аш,куран окутуу, маркумдун зыйнатында, кыркылыгында дасторконго кымбат баалуу тамак аштарды коюууга,  келген конокторго  кийит кийгизүүгө тыюуу салууну чечишкен.

Ал эми Кыргызстанда тилекке каршы,  мындай көрүнүш токтомок тургай күндөн күнгө күч алууда. Учурда кары картаңдардын жамандгында гана эмес, мезгилсиз дүйнө салган жаштардын зыйнатында да куру намыс үчүн карыз алса да  уй союп, бээ союп келгенде  тоодой эт тартып коноктогон  көрүнүштөргө баарыбыз эле күбө болуп жүрөбүз.  Бул ансыз да кан жутуп, кайгырып турган маркумдун үй бүлөсүн табалагандай эле кеп экендигин айпасак да түшүнүктүү.

Коомчулукта мындай көрүнүштү токтотуу демилгеси байма бай көтөрүлгөндүгү менен маселе алигиче оң жагына чечиле элек. Аш тойлордо ысырапкорчулукту токтотуу демилгесин буга чеийин Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракцияснын депутаты Аида Салянова  бир нече ирет көтөрүп  чыккан, бирок анын мындай сунушу  эл өкүлдөрү тарабынан колдоого алынган эмес.

Количество просмотров: 8