• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Казакстанда кыргыз жараны каза болду

13 Үчтүн айы 2018 13:48 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

“12-январь күнү саат 13-00 чамасында Астана-Караганда жолунда жайгашкан Ижевск айылына жакын жерде жол кырсыгы катталды. Ак-Моло облусунун Аршалын районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматында, 1973-жылы төрөлгөн А.Ж аттуу  Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кошчу айылынын тургунун унаа сүзүп кеткен.  Автооунааны башкарып бара жаткан Ерлан аттуу Казакстандын жараны, шамалдан улам тийиштүү эмес жерден жол кесип, өтүп бара жаткан адамды байкабай калганын айткан. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды деп жазылат,-Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышып, анын сөөгүн мекенине жеткирүу маселелерин чечип жатыптыр.

Количество просмотров: 4