Кесиби – мамлекеттик кызматкер

Бишкек

Кезек күтүү

Бул материал оңой эле жазыла калбагандыгын мойнума алайын. Бир нече күн эмне жазарымды, каарманды кайдан табарымды билбей, көчөдө каңгып жүрдүм, анткени, шинелдер эскирип, акакий акакиевичтер кайдадыр сиңип жоголгон. Бир да кичинекей киши жок! Миллиондогон калк бар, баары эле – чоңдор. Мамлекеттик мекемелерде жалаң эле «саламатсызбы», «өтүнөм», «электрондук кабинетке барыңыз» деген сөздөр. Адамгерчилик, адамга таандык сапаттар кырылып-жоюлуп, жоголуп кеткен.

Каарманды издеп жөнөгөн биринчи мекемем – салык инспекциясы болду. Андагы жарашыктуу кийинген, отуз эки тишинин баарын көрсөтө жылмайган адамдар мониторду эле карашат, сезим дегенден ныпым эч нерсе жок. Эртеден кечке жандуу үн менен айтылган: «Эгер ал келесоо силердин таштандыңар тууралуу билбесе, мен эмнеге айып төлөшүм керек?» - деген гана сөздү угууга болот. Ага деле жаттап алгансыган, жылмаюу менен коштолгон, жек көрүү да, боор оору да сезилбеген: «Жеке бөлмөгө кирип, электрондук форманы толтурунуз» деген гана жоопту угасың. «Кана, билесиңерби?» - деп каным кайнап чыкты.

Фотоаппарат жана диктофонумду асынып алып бир нече министрликке барганымда, алар тезинен иштин мыктыларын көрсөтүшүп, комплекстүү тамак жана жылдык отчетторун сунушташканда, өзүмдү «Правда» гезитинин кызматкериндей эле сезип, цифраларга толгон папканы барактап, компот ичип олтуруп, маанайым чөгө түштү.

Менин түшүнүгүмдө мамкызматкерлер ийининен ышкырып, кызарып-татарып пара талап кылса да, мындагыларга караганда өздөрүн НОРМАЛДУУ алып жүрүшөт. Менин жан-жакты карана издегеним – бозоргон имараттар, узун коридорлор, чарчап-чаалыккан, өзүн токтотууга кудурет-күчү жетпей, эптеп аман калгандар эле.

Калкты тейлөө борборунда адамдар жетишерлик санда болчу, маалымат такталарынын жанында бири-бирине ыктап, тынчсызданган айымдар турат, алар электрондук номурларын алары менен кабатырлануусу кайдадыр жоголуп кеткендей. Эми электрондук таблонун алдындагы отургучка талп этип отуруп алып, смартфондоруна үңүлүп, күч-кубатты үнөмдөөчү абалга өтүп кетишет.

Калкты тейлөө борборундагы электрондук кезек күтүүлөр

Электрондук кезек күтүүнү жандуу кезек күтүү менен салыштырып болбойт. Биздеги ийин тирешип туруу, жандуу баарлашуу, күтүүнүн кумары деген сезимдердин баарын түп-тамырынан бери жулуп салгандай. Кечээ жакында эле жаңы паспорт алуу үчүн кезек күтүп туруп, так кулагымдын түбүндө дем алып жаткан адамдын эртең менен эмне жеп, кечинде эмне ичкенин таптак билчү элем; бир ордуңда эки сааттай тура берип, бири-бириңе жармашып турган бейтааныштарды бир тууганыңдай эле сезип калчусуң. Кезек күтүү учурунда дипломдук иштер жазылып, келишим, макулдашууларга кол коюлуп, тагдырлар чечилчү.

Ал эми электрондук кезек күтүүдө баары бири-бирине чоочун. Эч ким бөтөн кишиге биринчи көзөнөктө отурган как баш мастан мээсин жегенин; же почтанын артындагы үйдү тоноп, эч нерсесин калтырбай, жада калса даараткана тазалагычтан бери көтөрүп кеткендигин; же салык инспекциясында таанышы барын, аны менен сүйлөшүп бардык ишти бүтүрүп алса болорун айтпайт; же бланкаларды кара калем толтурууга болбосун эскертип, мына деп калемин суна калышпайт.

Бир мезгилде КТБда (Калкты тейлөө борборунда) иш үзгүлтүккө учурап, паспортторду берүү бөлүмүндө камбэк башталды – сөөктүү эркектер алдыга чыгышып, кичинекей бойлуу аялдар ар тараптан кыйкыра башташты, бөлүмдүн кызматкерлери оор дем алып, иштебеген машинелеринин клавиатураларын баскылап, өз ара жана техникалык колдоочулар менен, акыр аягында көпчүлүк менен да кыйкырып сүйлөшө башташты. Топтошкон эл ызы-чуу түшүп, ары-бери басып, жандана түштү. Жарым сааттан кийин база иштей баштады, бирок башаламандыкты токтотуу мүмкүн болбой жатты. Паспорт берүү бөлүмүнүн бир сүйкүмдүү кызматкери кыйкырып жаткан кардарлардын бетине жаалдана паспортторун ыргытып жиберди, кымбат баалуу тончон айым норкасына шире төгүп алган кишинин бетине түкүрүп салды, токтоо мүнөз небересине жол көрсөтүп келе жаткан чоң ата таягы менен кезексиз өтүп кеткен бирин-экин эркекти чаап жиберди. Анда бир ак тончон айым: «Мен кезек күтүү соцфонддо эле бар деп ойлопмун»,- деп калды.

«Айбан, сен өлүп калсаң экен!»

Жума. Кечке маал. Иш жумалыгынын аягындагы чыңалган аба, коомдук унаалардагы кишилер кечкиге план түзүп кажы-кужу, кимдир-бирөө трубкадан: «Ичпей эле көрчү!» – деп кыйкырып жатат. А мен: «Аларды таратам деп ойлобогун» деп космоско кайрылуу жөнөтүп жаттым.

Саат алты, көчөлөрдө чырактар жандырылды, менин райондук соцфондумдун имаратынын терезелери күйүп турат. Жетиштим! Люминесценттик чырактары жандырылган узун, бопбош коридор, эшиктери аңырайа ачылган. Эшиги ачык турган биринчи эле бөлмөгө кирип бардым – идиштерде тармалданып өскөн гүлдөр, полдон шыпка чейин картондук «иштер», арзан баадагы эмеректер, жылыткычтын жанында терезени тиктеппи же мурунку кезин эстеп ойго батыппы токулган көйнөк кийген бир аял олтурат.

Мен көзөмөлгө алынган кубанычым көзөмөлдөн чыгып кеткен акмактыгым менен аралашып, терезенин түбүндөгү аялга: дүйшөмбүнү экөөбүз чогуу өткөрөбүз дедим. Ал сүкүттөгү абалынан чыгып, менин оорумдун өзөгүн таба албай, жүзүмдү теше тиктеп, ыңгайсыз отургучунун жөлөнгүчүнө сүйөнө калып, ишенимдүү түр менен алардын бөлүмү дүйшөмбүгө чейин жетпеши мүмкүн экендигин айтты. Анын кесиптеши «кыскартуу» болгондугун кайгыруу менен билдирди.

Ан-а-ан! Айымдарды кубаттоо максатында, манжамды асманга чочойто көтөрүп, биз али күрөшөрүбүздү билдирдим. Аялдар селдейбей, эсин жыйып, кыскартууну да эстеринен чыгарып, ийиндеше тура калып: «Биз мында кичинекей кишилербиз да, эч нерсе чече албайбыз, шеф кандай десе, ошондой болот. Бардык суроолорду ага айтыш керек» дешти.

Социалдык фонддун жетекчисинин кабылдамасында кийим илгич, чоң күзгү, жыгач челекте гүл турат, компьютерде катчы отурат. Капкараңгы болсо да, ведомствонун кайсынысына кирбе, адашпайсың. Катчылардын жакшы көргөн сөзү: «Башчы бир жакка кеткен. Билбейм. Айта албайм. Суроо-талабыңызды жазуу түрүндө бериңиз.» Эч нерсе эмес – эч нерсе эмес! Биз күтүп турабыз, гүлүңүз аябай кооз экен! Көпкө күткөн жокпуз, гүлдү да талдаганга үлгүрбөдүк. Жакшынакай көк костюм кийген, ошондой эле түстөгү галстук тагынган жагымдуу эркек киши – жетекчи эки мүнөттөн кийин эле кабылдамага кирип келди.

Чындыгында кучак жаюу бардык адамдарга бирдей таасир кылат, эгер сен өзүңдү эркин сезсең, жаныңдагылар да ошондой сезишет.

  • — Өмүрүмдө эки кесиптин ээлеринен коркомун. Бири тиш дарыгерлери, экинчиси – кагаз берген же кагаз кабыл алган кишилер.
  • — Кагаз менен иштегендердин эмнеси коркунучтуу? – деп жетекчи чындап таңданды.
  • — Бир-эки көз ирмемге өзүмдү унута калып: Сиз эмне алар адамды жек көрөрүн билбейсизби? -дедим.
  • — Бул кандай иштерин билесизби?- деп күлдү бөлмөнүн ээси. Анын көздөрү жайнап, бир нерсе айткысы келди, ал муну көптөн бери кимдир-бирөөгө айткысы келип жүргөнүн түшүндүм.

Эртең менен сакал-мурутуңду таза кырынып, костюм кийип, галстук тагынып, жагымдуу көрүнүүгө жана өзүңдү жакшы сезүүгө аракет кылып, жумушка эрте келесиң, маанайың сонун. Тээтигинде (терезенин алдындагы баскычты көрсөтүп) сени бою кичинекей, чачтары куудай, жүзү мээримдүү, баштык көтөргөн чоң апа күтүп турган болот. Биздин иш күнүбүз тогузда башталат, ал болсо жетиде келип, текчеге туруп алып, күтүп турат. Анткени, кечээ кошунасынын пенсиясы аныкынан көбүрөөк экендигин угуп калган. А мен маанайым сонун абалда жумушка жакындаганда эле, чоң эне даярдана баштайт, мен аны көздөй бет алам, ал абадан болушунча дем соруп алып, болгон күчү менен: «Айбан! Сен өлүп калсаң болмок!» - дейт. Анын түшүнүгүндө мен адамдарды жек көрөм жана биздин өлкөдө пенсиянын өлчөмүн мен аныктайм.

Бишкек шаарындагы Октябрь районунун Социалдык фондунун райондук башкармалыгы. Иш күнүнүн аягы

Кабыл алуу мезгили

Дүйшөмбү. Саат жети. Баягы чоң энедей таң атпай соцфондго келем. Дале караңгы, жумушка эрте барчулар ишенимдүү кадам ташташып жумушка кетип бара жатышат, көпчүлүгүнүн кабактары сүрдүү, жүздөрүнөн эч нерсени окуй албайсың, короо тазалагычтар көчө шыпырып жүрөт, ата-энелер уйкусураган балдарын жетелеп кетип баратышат, бир мас киши өйдө турганга аракеттенип, кош колдоп ак кайындын өзөгүн кучактап алган, бир аз көтөрүлүп барып, кайра кулап түшөт, каргалар каркылдап жүрөт. Соцфонддун текчесинде мен жалгыз турам.

Жетиден отуз мүнөт өткөндө текчеде кароолчу пайда болду. Тамеки чегип жатат. Аны-муну сүйлөшүп турдук. Бирде саясаттан, бирде пенсия тууралуу, бирде жашоо-турмуш тууралуу кеп курдук. Мурунку аскер жашоосу тууралуу айтып берди, «жогорулатылган» он миң сомдук (150$ тегереги) пенсиясы тууралуу да айтты. Кээде сөгүнүп калат. Кийин ага окшоп тыйын санап калбаш үчүн, россиялык жарандык алуу керек деп кеңеш берет.

— Биз менен чогуу аскерде кызмат өтөгөндөр азыр аз дегенде жетимиш миң рубль (1000$) алышат, ага кошумча алардын жеңилдиктери бар дейт, ал эми мен болсо карып калгандарды туруктуу жумушка албагандыктан, ар үч ай сайын жаңы келишимдерди түзүп кыйналып жүрөм дейт. Бизде пенсия бар да!

Саат сегизде шеф келди. Бүгүн ага эч ким өлүм каалаган жок. Ал кароолчу менен кол алышып учурашып, бирдемелерди сүйлөшүп калды. Акырындан башка кызматкерлер да келе башташты. Октябрь районунун соцфондунун жамаатынын көп бөлүгүн аялдар түзөт. Мен шыпка чейин пенсионерлердин жеке иштери тирелген кабинеттерден өтүп, Пенсия чегерүүчү кабинеттин жанына токтодум да, баары алаканга салгандай көрүнгөн бурчтан орун алып, фикус-тумбочка-шкафка айланып калдым. Соцфонддун райондук бөлүмүнүн кабыл алуу мезгили күн сайын 9.00дөн 12.30га чейин созулат.

Пенсияларды чегерүү бөлүмүнүн адисининиш орду Башкы адистин үстөлүндөгү жумушчу журналдар Ар бир бөлмөнүн эшигинин сыртындагы видеобайкоолор тууралуу эскертүүлөр

Пенсия чегерүү бөлүмүнүн башкы адиси

Бектурова Назгүл Абдыкадыровна Пенсияларды чегерүү бөлүмүнүн башчысы. Анын үстөлү эң четкиси, артында терезеде гүлдөр турат. Фиалкалар аябай көп. Назгүл эже жумушка эртерээк келип, фиалкаларына кам көрөт. Анан чай коет. Мен фикус болгум келсе да, биздин чыгыш элдерине таандык меймандостугубуз тумбага да өтүп, мени сыйлаганга аракет кылышат. Бул узакка созулбайт.

Назгүл эже ишин баштоого даярданып жатат

Дале тогуз боло элек, а эшиктин артында келгендердин ызы-чуусу угулуп калды. Биринчиси, анын артынан экинчисинин башы көрүнөт. Баш баккандардын баары эле «уруксатпы?» деген бир эле суроону беришет. Тогузда тосмону бузуп, адамдардын агымы биринин артынан бири келе баштайт. Ар бир беш-жети мүнөттүн ичинде Назгүл эженин үстөлүнүн жанына жаңы киши келет. Ар бирине ал кийинки келишинде кандай кагаздарды алып келиши керектигин айтат, ар бирине арыз жазууга көмөктөшөт. Айрымдары башталгыч класстын окуучусундай муундап жазышат. Саат онго чейин Пенсияларды чегерүү бөлүмүнө жалаң аялдар келет. Назгүл эжеден башка да элдерди үч аял кабыл алып жатат жана алардын ар бирине аялдар гана барышууда. Мен тынчсыздана баштадым. Кыргызстандагы эркектер пенсия албайбы деп тынчсыздана баштадым. Же алар пенсия курагына чейин жашашпайбы? Же бүгүн аялдарды гана кабыл алчу күнбү?

Ким эртең менен эрте туруп Соцфондго барса – ал аял киши

Акыры саат ондордо эркектер да пайда боло баштады. Көпчүлүгү аялдары менен чогуу келишти. Алардын ордуна суроо беришип, арыздарын жазып, маалымкаттарды көрсөтүп жатышты.

Эркектертүшкө жакын келишет Турмуштан ордун тапкан ар бир эркектин артында аял турат. Жадакалса пенсия алуу учурунда да
  • — Чоң эне, сиз кайда? Сиз кийинки эшикке кирет болушуңуз керек?! Бул жерде пенсияга жаңы гана кагаздарын тапшырып жаткандар, — кезекти бозоргон пальтосунун өңүрүнө компартиянын төш белгиси тагылган чоң эне бузат.
  • — Жок, мен ушуга кирем! Баламдын ордуна келдим, болбосо ал таптакыр эле чыгынчудай эмес, - деп жооп берет чоң эне. Кезек күтүп тургандар түшүнүп тургандай баштарын ийкегилешет, карап тур, бул небереси үчүн да келет деп, кимдир-бирөө тымызын тийишет. Келгендердин баары эле адатта алардан эмне кагаз талап кылынарын билишет жана армиядагыдай сурагандарын бат-баттан бере коюшат, кайталап сурабаганга аракет кылышат. Келгендердин көпчүлүгүнүн кагаздары атайын папка-конверт-пакеттерге тыкан бүктөлүп салынган, мекемелердин телефон номурлары блокнотторго жазылган, дайыма жандарына калем салып жүрүшөт.
Кээбир пенсионерлер соцфондго жөн эле сүйлөшүп олтуруу үчүн келишет

Тээ бурчта олтуруп алып, мындагы өңү өчкөн куртка, пальточон, жамачыланган жүн кофтачан, жүн байпактардын сыртынан желим шалп этмелерди, кепичтерди кийип алган өтө деле картаң эмес аялдарды карап отуруп, алардын жаш кезин элестетүүгө аракеттенип жатып, демиңди ичиңе катып каласың. Кечээ гана булар тырмагындагы боектун өңүнө жараша моюн орогуч, туфлисине ылайыктуу баштык тандап жүргөн болсо, бүгүн атайын бүрүшүп-чүрүшүп, жумалактанган, чоюлган, күбө баскан кийимдерине оронуп-чулганып алгандай.

Көпчүлүк пенсионерлердин бут кийимдери – шалп этме жана кепичтер
  • — Үч эки жүз (50$ тегереги) болот дешти, - деп чачын чокусуна түйүп алган бою кичинекей бир аял шыбырап сүйлөдү, ал апасыныкын айтып жатса керек.

Мен анын баштыгынан макарон алып чыгып, Назгүл эже менен чогуу мектепте иштеген стажын эсептеп жатканын көргөм. Эмгек стажы – отуз жыл, үч эки жүз – пенсия. Ичимден кароолчунун кеңешин кайталадым.

Бир топ киши өмүрүнүн жарымын өткөргөн азыр иштебей калган заводдор тууралуу сурап келишти. Адистер бул сууга чөккөн кемедей болгон маалымкаттарды ал жактагы айлык маянасы жакшы болсо гана издеп көрүүнү сунушташат. Болбосо, күчүн, убактысын бекер короторун эскертишет. Ар бир адамдын өмүрүндө күч-кубатын бекер коротуу – эң чоң келесоолук экендигин таптак түшүнө турган учур келет.

Саат ондордо физикалык жактан чарчап-чаалыкканымды байкадым. Фотоаппарат көтөрүп туруу да, объективден кароо да оорлошуп бара жатты. Телефондор чырылдап, адамдар үстү-үстүнө келе берди.

Саат он бирлерде мен ордумдан карыларча араң туруп, топтошкон элдин арасынан эптеп өтүп, сыртка чыктым. Эшикте күн тийип турат, жылмайган жүздөр, мас киши сүйөнүп ордунан турууга аракет кылган ак кайыңдын бутагында тыйын чычкан чуркап жүрөт. Отуз жылдык мектепте иштегендиги үчүн үч миң пенсия чыгары тууралуу ойлобогонго аракет кылдым.

Кайра коридорго баш бактым.

  • — Эгер жиндилер менен иштешсең, бир жылың үч жылга татыктуу деп айтышты эле, — деп калды кезек күтүп турган спорттук костюмчан сөөктүү аял.
  • — Жиндилер эмес, алкоголиктер менен! үч эмес, эки жыл! Сен кайда иштедиң эле? – узун юбкачан бою кичинекейирээги сурап калды.
  • — Чым-Коргондо, — деди спорттук кийимчени.
  • — Ой-ой-ой! – узун юбкачан таңдайын такылдатып.
  • — Анан Чым-Коргондон кийин мага дарыкананын провизору сымал болбогон акча бөлгөндөрүн карабайсыңбы? Жер менен жексен болгурлар!
Пенсияларды чегерүү бөлүмүнүн алдында кезек күтүү

Түшкү тыныгууга чейин ар бир үстөлгө ондон адам келип үлгүрөт. Аңгемелешүү эки тилде жүрөт. Келгендердин көпчүлүгү үчүн арызды бөлүмдүн кызматкерлери өздөрү жазышат. Кээ бири жакшы көрбөйт, экинчисинин колу калтырайт. Мен фотоаппараттын баскычын ойлонбостон баскылап, дубалга жармашып калгандаймын, мага азыр эч ким көңүл деле бурбай калган.

— Кана, мында эмне болгон фотограф жүрөт? Мени тартпа! –деп кызыл түстөгү пальточон, аябай боенгон, чачы жасалгаланган аял кирип келе жатып эле ичке үнүн өктөм чыгарып мени уйкудан ойготуп жибергендей болду. Мен тартпоого убада берем. Ичимден ал кайсы тармакта иштеди болду экен деп төлгөлөй баштайм. Адис менен сүйлөшүүсүн атайылап эле тыңшап турдум. Бул айымдын акыркы иштеген жери – үй башкармалыгы экен.

Эркектер, ай, ишенимсиз сүйлөшөт. Алардын көпчүлүгүн мында зордоп алып келгендей. Мен аларды уялтпайын деп, дээрлик сүрөткө тарткан жокмун.

Убакыт боюнча түшкү тыныгуу мезгили келди, бирок кашайып азыр эле келген аялдын папкасы кайдадыр жоголуп кетти. Назгүл эже түп көтөрө издей баштады. Текчелерден, башка бөлмөлөрдөн, үстөлдөрдөн отургучтардан издеп жатты. Акыры табылды. Кичинекей сүйүнүч. Келген аялга керектүү кагазын берип узатып, бөлмөнүн ичинен кулпулап, чай коюшту.

Керектүү көктөмөнү издөө

Мен бул бөлмөдө өмүрүмдүн жарымысын өткөргөндөй болдум. Бул жердегилердин баары эле ушундай ойдо, мен билем. Жардамымды сунуштадым. Аялдар эмнегедир мага карап күлүп жатышты. Баштыктарын ачып ала келген нерселерин алып чыгышты, айрымдары дүкөндү карай чуркады, алардын айтымында ал жактын самсылары даамдуу. Түштөнүүгө олтурдук. Самсы чындап эле даамдуу экен.

Пенсияларды чегерүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин салттуу түшкү тамактануусу

Түштөнүү учурунда Назгүл эжеден тигил жоголгон папка табылбаса эмне болмок деп сурап калдым. Керектүү маалыматтарды базадан табат элек, бирок ага көп убакыт кетип калмак дейт. Эскиче иштеген эле ыңгайлуу деп кошумчалады.

— Бул папкаларды карап туруп эле, адам тууралуу баарын билип аласың. Мына бул текчелерде биздин райондун пенсионерлери турат. Жыйырма беш миң киши. Мында жыйырманчы, отузунчу жылкылар да бар. Мен алардын баарын билгендей эле сезиле берет, - деп айтты Назгүл эже. Ал өмүр бою ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеген, азыркы соцфонддо иштөө өтө оор дейт. Жаштар ишке орношот да, бир жумадан ашыкка чыдай алышпай, качып кетишет дейт.

— Жашоо өзгөрдү, пенсионерлер да өзгөрдү. Ар бири өзгөчө мамилени талап кылат. Мурун мамлекеттик кызматкерлер көп нерселерге жол берчү. Алар кагып коюшчу, дегеле каалаганын кылышчу. Азыр антүү мүмкүн эмес! Сага чачтары куудай, болор-болбос бир нерсени көтөрүп алып чоң эне келет, анын жетишсиз документтерин айтсаң эле, сага телефонун көрсөтүп, «сен түз эфирдесиң!» же «сени Фейсбукка жүктөп коем!» деп коркутат. Биз мында күнүгө түз эфирде иштейбиз. Бүгүн сиздин көрбөй калганыңыз жаман болду. Ага кошумча ар бир жерде камералар бар, канчада келдиң, канчада кеттиң, өзүбүздү кандай алып жүрөбүз – баарын тартып турушат.

Пенсиялардагы айырмачылыктар тууралуу сүйлөштүк. Назгүл эженин аймагындагы эң аз пенсиянын көлөмү - 600 сом (10$ азыраак).

— өмүрүндө иштеген эмес! Ушундай да болот. Биздин өлкөдө үй жумуштары бааланбайт, мисалы, үй кожойкесин ишсиз адам катары санашат, үйдө олтурат, тамак бышырат, кир жууйт, балдарды карайт – бул эмне жумуш эмеспи?

Назгүл эженин айтымында, кандай өлчөмдөгү пенсия чегерилгендиги тууралуу айтканда, адамдардын реакциясы ар түрдүү болот. Мисалы, бүгүнкү мугалим үч миң эки жүз сом пенсия аларын угуп, үшкүрүнө оор дем алып, кызарып кетти дейт, кайталап да эч нерсе сураган жок дейт, ал эми алтын казган компанияда иштеген, жүз жыйырма миң сом (2000$) чегерилген эркек киши эки жумадан бери бөлүмгө барып, төрт миң сом аз чыгып калды деп, чатак чыгарып жүрөт экен.

Назгүл эже бүгүнкү күндө бир нече өлкөлөрдөн пенсия алган адамдарга байланыштуу көйгөйлөр көп дейт. Бир эле учурда Кыргызстандан да, Казакстандан да, Россиядан да пенсия алгандар бар дейт. Мындайларды аныктоо өтө кыйын, соттук процесстер татаал дейт, ага карабастан эч нерседен коркпогон адамдар бар, алар, тескерисинче, мыйзамды алдап койгонуна мактанып жүрүшөт дейт.

Түшкү тыныгуу учурунда бөлүмдүн эшигин тынымсыз каккылап турушту. Түшкү тамактануудан кийин эле кагаздар менен чуркап жөнөшөт.

— Мурун үч күн кагаздарды кабыл алып, эки күн аларды текшерип чыкчубуз дейт. Азыр ар күнү түшкө чейин кабыл алуу мезгили кылып коюшту дейт. А бизде ким саат карачу эле? Элдер түштөн кийин деле келишип, иш кагаздарды текшерүүгө мүмкүнчүлүк беришпейт дейт, анан жумуштан кийин караңгыга чейин калып же ишемби, жекшемби күндөрү чыгууга туура келет. Иштегиң келеби – иште!

Түштөн кийин дагы бир нече аял келди. Бири түшкө чейин келе албагандыгына аябай кечирим сурады, экинчиси жөн гана кабыл алууларын талап кылды. Экөөсүн тең кабыл алышты. Бирине пенсияга чыгууга бир жылга жетпеген убакыт бар экен, стажы жетпей калды. Адистер керектүү мөөнөткө чейин күтүү керектигин жайынча түшүндүрүп коюшту. Алардын сөзү аябай жумшак, ичти жылытарлык эле. Экинчисиники пенсияга чейин эки-үч ай калыптыр. Ага иш кагаздарды тапшырууда зарыл болгон кагаздардын тизмесин беришти жана жумушун таштабай тур деп кеңеш беришти.

— Мени эмне бул пенсияга жашоо мүмкүн эместигин билбейт дейсиңерби, албетте, акыркы мүмкүнчүлүккө чейин иштейм да, - деп кетип бара жатып күлүп койду.

Кечке чейин Назгүл эже, жазып, эсептеп, телефон чалып, боюн түзөп алып, кашын бир аз жогору сермеп коюп кайра ишин уланта берди. Кечки саат алтыда аны менен чогуу аялдаманы көздөй кетип бара жаткан учурда, анын көптөгөн кесиптештери али жумуш орундарында иштеп жатышты.

Октябрь райондук Соцфондунун толук курамы

Жол чырактары жанып, асманда кайрадан каргалар каркылдап, кайсы-бир мас киши даракты сүйөнүп турат. Аялдамада киши толтура экен, кар майдалап жаап кирди. Коомдук унаа келген кезде Назгүл эже жылмайып, мага эмнегедир «рахмат» айтты да, түшүп кетти.

А мен болсо, бир нерсе айтууга үлгүрбөй да калдым окшойт. Кесиби мамлекеттик кызматкер болгон адамды салып алып, акырындап узап бара жаткан унааны карап гана кала бердим.