• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кезек күтүү болбойт! Ири соода жайларында калкты тейлөө борборлору ачылат

9 Бирдин айы 2018 11:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09. 02. 2018Govori.TV

Бишкектеги ири соода жайларында калкты тейлөө борборлору ачылып, жарандар үчүн кызмат көрсөтөт.  Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди.  Анын айтымында бул социалдык долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр бышып калган.

“Бишкектеги “Народный”, “Глобус”, “Фрунзе” “Боорсок”  сыяктуу ири соода түйүндөрүнүн администрациялары менен сүйлөшүү жүргүзүп, имараттардан калкты тейлөөчү бурчтарды ачууну жолго койгону жатабыз. Эң башкысы биздин талап-учурда калкты тейлөө, жарандарды керектүү документтер, маалыматтар менен оперативдүү камсыздоо социалдык муктаждыктан болгон үчүн, соода түйүндөрү бул долбоорду да социалдык долбоор катары карап, орундарды бекер берүү. Буга азырынча, алар макул болуп жатышат. Эгер, долбоор ишке кирсе борборубуздун жарандары азыркыдай узун кезекке туруп, убакыттарын текке өткөрбөй, соода жайларынан керектүү документтерди алууга жол ачылат”,-дейт Мелис Эржигитов.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда Мамкаттоо кызматынын калкты тейлөө борборундагы тейлөөнүн шарты боюнча ар кандай нааразычылыктар айтылып келген эле.

Количество просмотров: 7