Бишкек. 30.01.18.Govori.TV
Учурда Ош базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлө элек. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы Govori.TV сайтына билдирди.
«Учурда Ош базардагы «Сейтек» соода борборунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлө элек. Азыркы маалымат боюнча 3,5 миң чарчы метри күйүп кетти. Өрт чыккан жерден эки жаран газга ууланып калган. Алардын абалы азыркы учурда канааттандырарлык.» -деп билдирет.
Учурда 12 өрт өчүрүү кызматкери өрттү өчүрүү аракетин көрүп жатышат. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
.