Өкмөт Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты кайтарууну сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономика фискалдык саясат боюнча комитетинде вице-премьер-министр Даир Кенекеев билдирди.
“Макулдашуунун маңызы, Ысык-Көлдөгү 4 пансионат боюнча. (Бостери, Алтын-Жай, Эне-Сай, Бустон) Экс-президенттин Өзбекстанга болгон сапарында бул пансионаттар боюнча макулдашуу болгон. Өзбекстан арбитраждык сотко бул маселени чечүү боюнча кайрылып, менчик укугун талашып жатат. Өкмөт бул маселени укуктук талаада кароону сунуштайт”-деди Кенекеев.
Ал пансионаттар жайгашкан жер Кыргызстанга тийешелүү бойдон кала берерин, бирок, мүлк Өзбекстандын менчигине өтүшү керектигин кошумчалады.